KELECHEK
rek

Эл аралык мелдештерде байгеге ээ болгондор сыйланышты (ФОТО)

Эл аралык мелдештерде байгеге ээ болгондор сыйланышты (ФОТО)

Бүгүн, 9-сентябрда Жалал-Абад ОИИБнин имаратында бир катар эл аралык мелдештерден байгелүү орундарды багындырган кызматкерлер жана «Жаш инспекторлор» сыйланышты.

Ушул жылдын май айында «Жол кыймылынын жаш инспекторлору» аталышындагы кароо-сынактын финалдык бѳлүгү Бишкек шаарында өткөрүлүп, Жалал-Абад облусунан барган Сузак районуна караштуу №78 З.Бакиров атындагы орто мектебинин «Жаш инспектор» командасы биринчиликти багындырган. Алар ушул жылдын 17-августунан 25-августка чейинки аралыкта Казакстан Республикасынын Караганда шаарында болуп өткөн 19-Республикалык "Жол кыймылынын жаш инспектолору" слетунда байгелүү 3-орунду камсыз кылышкан.

Бул конкурска Белорусия Республикасынын, Россия Федерациясынын, Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынан жалпысынан 16 команда катышкан. Жаш инспекторлорду эл аралык сынакка Жалал-Абад ОИИБи боюнча жол кыймылынын коопсуздугун кѳзѳмѳлдѳѳ бѳлүмүнүн үгүт насаат иштери боюнча тескөөчүсү, милициянын лейтенанты Айбек Сатыбалдиев даярдаган.

Бүгүн Жалал-Абад ОИИБнин жетекчилиги тарабынан ийгиликке жетишкен жаш инспекторлорго куттуктоолор айтылып, атайын белектер тапшырылды.

Мындан сырткары волейбол боюнча V Борбордук аймактык Азия чемпионатында биринчи орунду ээлегендиги үчүн КР ИИМнин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун 3-батальонунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын милиционери Медетбек Эргеш уулуна КР Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик Агентигинин атынан “Ыраазычылык кат” жолдонду.

Ошондой эле КР ИИМдин Ички аскерлеринин түзүлгөн күнүнө арналган “Волейбол” боюнча колбашчынын кубогунда II орунду ээлегендиги үчүн “Шумкар” атайын багыттагы полку сыйланып, милициянын сержанты Б.Кадырбек уулу “Мыкты чабуулчу” наамына татыды.

Ал эми кызматтык милдеттерине карата жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгы, коомдук коопсуздукту сактоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө өздөрүнүн салымдарын кошкон бир катар кызматкерлерге ИИМнин “Азамат” медалы ыйгарылып, “Алкыш” жарыяланып, ИИМнин жана Жалал-Абад ОИИБнин ардак грамоталары тапшырылды.

Жалал-Абад ОИИБнин басма сѳз кызматы

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13