KELECHEK

Орусиянын Байкоңурдагы ракеталык комплексине Назарбаевдин ысымы берилди

Орусиянын Байкоңурдагы ракеталык комплексине Назарбаевдин ысымы берилди

Байкоңурда курулуп жаткан Орусиянын ракеталык комплексине Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин ысымы берилди. Бул тууралуу расмий билдирүү «Роскосмостун» сайтына жарыяланды.

Байкоңурга «Байтерек» деп аталган ракеталык комплекс куруу тууралуу макулдашууга тараптар 2018-жылы кол коюшкан. Өткөн жумада Москвадагы Бүткүл союздук көргөзмө борборунда (ВДНХ) Нурсултан Назарбаев менен жолуккан орус лидери Владимир Путин комплекске Казакстандын туңгуч президентинин ысымын берүүнү сунуштаган.

«Назарбаев» деген аталышка ээ болгон жаңы комплекстен алгачкы ракета 2022-жылы учурулат деп болжолдонууда.

Быйыл мартта Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев баш калаа Астананы Нур-Султан кылып өзгөртүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Мындан тышкары борбор шаардагы эл аралык аэропорттун аталышы дагы Нур-Султан деп өзгөртүлгөн.

Буга чейин Нурсултан Назарбаевдин ысымы өлкөнүн бир катар облус борборлорундагы ири көчөлөргө берилген. Казакстанда анын бир нече эстелиги тургузулуп, сүрөтү ири купюрага түшүрүлгөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Эмомали Рахмон тажик-өзбек чек арасындагы кол салуу үчүн күч...

Эмомали Рахмон тажик-өзбек чек арасындагы кол салуу үчүн күч...

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Коопсуздук кеңешинин жыйынында тажик-өзбек чек арасындагы...

Тажикстанда оппозициялык сайттар менен баракчалар бөгөттөлдү

Тажикстанда оппозициялык сайттар менен баракчалар бөгөттөлдү

Тажикстан Жогорку соту чет өлкөдөгү оппозициялык топторду бириктирген «Тажикстан Улуттук...

Мексика Боливиянын кызматтан кеткен президентине башпаанек берди

Мексика Боливиянын кызматтан кеткен президентине башпаанек берди

Боливиянын отставкага кеткен президенти Эво Моралес

Боливиянын 10-ноябрда кызматтан кеткен...

Грозныйдын мурдагы мэри адамдарды электрошокер менен кыйнагандыгы...

Грозныйдын мурдагы мэри адамдарды электрошокер менен кыйнагандыгы...

Ислам Кадыров аялды коркутуп жатат. «Грозный» телеканалы көрсөткөн сюжеттеги...

Өзбекстан аэропортторунда хиджабчан жүргүнчүлөрдү текшерүү...

Өзбекстан аэропортторунда хиджабчан жүргүнчүлөрдү текшерүү...

Өзбекстан аэропортторунда хиджаб кийген...