KELECHEK

Орусиянын бир катар аймактарында шайлоо өттү

Орусиянын бир катар аймактарында шайлоо өттү

Орусия тараптан аннексияланган Севастополдогу шайлоо тилкеси

Жекшембиде Орусиянын бир катар аймактарында шайлоо өтүп, 19 субъектинин башчысы, 13 муниципалдык жана аймактык кеңештердин депутаттары шайланды.

Орус басылмаларынын маалыматына караганда, добуш берүү күнү Санкт-Петербургда бийликтин талапкери Александр Бегловдун негизги атаандашы, Коммунисттер партиясынын талапкери Владимир Бортко шайлоого катышуудан баш тартты. Хабаровск крайында былтыр ЛДПРдин талапкери губернатор болуп шайланса, быйыл аймактык кеңешти шайлоодо партия өзү алдыда келатат.

«Либералдык миссия» фондунун эксперттери шайлоо өнөктүгүндө саясий атаандаштык төмөн болгонун билдиришти. Алар губернаторлук кызматка талапкерлерди каттоодон баш тарткан учурлар болуп көрбөгөндөй көп болгонун жана 2012-жылдан бери алгачкы жолу аймактык кеңештерге партиялык тизме боюнча катталгандар аз болгонун белгилешти.

Губернатордун милдетин аткарып жаткан алты адам шайлоого өз алдынча талапкер катары катышты. «Ведомости» басылмасы белгилегендей, бул үчүн мыйзамга атайын өзгөртүүлөр киргизилген. Москва шаардык думасына «Бирдиктүү Орусия» талапкер көрсөткөн жок, партия мүчөлөрү өз алдынча талапкер катары катышты.

8-сентябрда Алтай, Башкирия жана Калмыкия республикаларында, ошондой эле Забайкалье, Ставрополь, Астрахань, Вологод, Волгоград, Курган, Курск, Липецк, Мурманск, Оренбург, Сахалин, Челябинск облустарынын жана Санкт-Петербург шаарынын башчылары шайланды. Москванын тургундары 45 бир мандаттуу округдар боюнча шаардык кеңештин депутаттарын тандашты. Орусия тараптан аннексияланган Севастополдо шаардык парламент шайланды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Казакстанда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча...

Казакстанда шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча...

Казакстанда жарандык активисттерден турган топ...

Шайлоо 2019-08-23  04:34

Назарбаев шайлоолор өз убагында өтөрүн айтты

Назарбаев шайлоолор өз убагында өтөрүн айтты

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев азыркы бийликке каршы чыккандарды...

Шайлоо 2019-08-21  19:25

Казакстанда Токаев 70 пайыз добуш менен алдыга чыкты

Казакстанда Токаев 70 пайыз добуш менен алдыга чыкты

Казакстандагы “Коомдук пикир” инситуту...

Шайлоо 2019-06-10  15:18

Украинада парламенттик шайлоо 21-июлда өтөт

Украинада парламенттик шайлоо 21-июлда өтөт

Украинада кезексиз парламенттик шайлоо 21-июлга белгиленди. Бул тууралуу...

Шайлоо 2019-05-22  18:18

Тажикстанда парламенттик шайлоого даярдыктар башталды

Тажикстанда парламенттик шайлоого даярдыктар башталды

Иллюстрациялык сүрөт

Тажикстандагы саясий партиялар өлкө...

Шайлоо 2019-05-15  07:36

Казакстанда Токаев расмий түрдө президенттике талапкер катары...

Казакстанда Токаев расмий түрдө президенттике талапкер катары...

Борбордук шайлоо комиссиясы 3-майда Касым-Жомарт Токаевди Казакстан президенттигине талапкер катары...

Шайлоо 2019-05-03  16:43