KELECHEK

Акыйкатчы: контейнерлер мектеп имаратын алмаштыра албайт

Акыйкатчы: контейнерлер мектеп имаратын алмаштыра албайт

Институттун сайтына жарыяланган маалыматка караганда, мекеменин кызматкерлери айылдагы «мобилдүү мектепке» мониторинг жүргүзүшкөн. Анда окуучулар 20 тонналык беш контейнерде билим алып, алтынчы контейнер мугалимдер бөлмөсү катары жабдылганы белгилүү болгон.

Алар тар болгондуктан башталгыч класстардын 15-16 гана окуучусу араң батат. Эгер жогорку класстын окуучулары окуп калышса, парталарга, отургучтарга батып окуу ыӊгайсыздыкты жаратат. Күн ысыкта үп болуп, аба жетишпей, күн суукта ичи муздайт.

«Балдарды контейнерде окутуу аргасыздан болгон аракеттер деп баалоого болот. Жогорудагыларга байланыштуу Акыйкатчынын аппараты өкмөт бул маселени токтоосуз түрдө чечип, Кеңеш айылында 200 окуучуга эсептелген типтүү, заманбап үлгүдөгү мектептин курулушун баштоо зарыл деп эсептейт», - деп айтылат маалыматта.

Кеңеш айылындагы Казалы Абиров атындагы мектептин негизги корпусу жараксыз абалга келгендиктен, 2019-жылдын 29-30-август күндөрү жыйырма тонналык алты контейнерди Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бөлүп берген.

Мектепте жалпысынан 21 мугалим иштейт, мунун ичинен 19у жогорку билимдүү, эки мугалим атайын орто билимдүү. Окуучулардын саны 150дөн ашат.

Кеңеш айылындагы окуучулардын контейнерде окуп жатышы коомчулукта чоң талкууну жаратып, 4-сентябрда билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева өзү берген арызынын негизинде кызматтан кеткен. Кийинчерээк өкмөт Кеңеште жаңы мектеп куруу пландалып жатканын билдирген.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Президент Жээнбеков: Коррупцияга каршы күрөштөн  түшкөн акча...

Президент Жээнбеков: Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча...

«Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акча каражатын эми аймактардагы авариялык мектептерди оңдоого...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-09-27  16:39

Өлкөдөгү 70 мектепке санариптик китепкана орнотулду

Өлкөдөгү 70 мектепке санариптик китепкана орнотулду

«Ilim Box» долбоорунун алкагында Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарындагы 70 мектепке атайын түзмөктөр...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-09-27  17:38

Мектеп окуучуларына жолдо жүрүүнүн эрежелери түшүндүрүлдү

Мектеп окуучуларына жолдо жүрүүнүн эрежелери түшүндүрүлдү

Таш-Көмүр ШИИБи тарабынан “Салам мектеп” аталышындагы алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү. Буга...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-09-20  17:50

Өкмөт: Кеңештеги окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлөт

Өкмөт: Кеңештеги окуучулар суук түшкөнчө башка имаратка көчүрүлөт

Нарын районунун Кеңеш айылындагы контейнер...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-09-10  12:16

Жалал-Абад:  Биринчи класска 2 миң 300 окуучу кабыл алынды (ФОТО)

Жалал-Абад: Биринчи класска 2 миң 300 окуучу кабыл алынды (ФОТО)

Бүгүн, 2-сентябрь күнү Жалал-Абад шаарындагы мектептерде коңгуроо кагылып, жаңы 2019-2020-окуу жылы...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-09-02  17:57

Тажикстандагы лөлү балдары мектепке бара баштады

Тажикстандагы лөлү балдары мектепке бара баштады

Тажикстандын балдар акыйкатчысы жакынкы жылдары...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-08-23  05:01

Өзбекстанда 80 жаштагы пенсионер жогорку окуу жайына документ тапшырды

Өзбекстанда 80 жаштагы пенсионер жогорку окуу жайына документ тапшырды

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунда 80 жаштагы Тухтамиш Султонов жогорку окуу жайына...

БИЛИМ ЖАНА ИЛИМ 2019-07-16  14:50