KELECHEK

Президент Сооронбай Жээнбеков Үсөнбек Ниязбековдун үй-бүлөсүнө «Эрдик» медалын тапшырды

Президент Сооронбай Жээнбеков Үсөнбек Ниязбековдун үй-бүлөсүнө «Эрдик» медалын тапшырды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 6-сентябрда, Үсөнбек Ниязбековдун апасы — Өктөм Мамаева, жубайы — Назира Базарбаева, бир тууганы — Асанбек Ниязбеков жана уулу — Тимур Ниязбеков менен жолугушту.

Мамлекет башчысы 2019-жылдын 7-августундагы окуяларда курман болгон Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери, полковник Ниязбековдун жакындарына көңүл айтып, Үсөнбек бүт өмүрүн Мекенге кызмат кылуу, жарандардын коопсуздугун жана өлкөдөгү тартипти камсыздоого арнаганын белгиледи. Террористтик түзүмдөрдү жок кылуу боюнча бир катар операцияларга ийгииликтүү катышып, улуттук коопсуздук органдарынын ар түрдүү ведомстволук сыйлыктарына ээ болгон.

Сооронбай Жээнбеков Үсөнбек Ниязбековдун курман болушу анын үй-бүлөсү, жакындары гана эмес, мамлекет үчүн дагы чоң жоготуу болгонун баса белгиледи. Президент Ниязбековдун жакындарына «Эрдик» медалын тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Үсөнбек Ниязбековду аскердик милдетин аткаруудагы көрсөткөн жеке каармандыгы үчүн «Эрдик» медалы менен сыйлоо (курман болгон соң) жөнүндөгү Жарлыгына Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгы күнүнө карата, 2019-жылдын 27-августунда кол коюлган.

Үсөнбек Ниязбековдун апасы өлкөдө тынчтык жана туруктуулук болуп, энелердин көз жашы төгүлбөсүн деген каалоосун билдирди. Өктөм Мамаева Мамлекет башчысына Кыргызстан элинин бакубатчылыгы үчүн жемиштүү иштөөсүн каалады.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Алимбаев тажик генералынын сөзүнө жооп кайтарды

Алимбаев тажик генералынын сөзүнө жооп кайтарды

"Баткен эч качан тажиктердин жери болгон эмес, болбойт дагы. Бул жерде байыртадан кыргыз эли жашап...

CАЯСАТ 2020-02-17  19:35

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке...

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-февралда Кыргыз Республикасынын...

CАЯСАТ 2020-02-17  15:20

Президент Сооронбай Жээнбеков Евразия экономикалык комиссиянын...

Президент Сооронбай Жээнбеков Евразия экономикалык комиссиянын...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 4-февралда, бул кызматта иштеп баштагандан...

CАЯСАТ 2020-02-05  04:17

АКШ Кыргызстан менен визалык чектөөнү жокко чыгаруу маселесин...

АКШ Кыргызстан менен визалык чектөөнү жокко чыгаруу маселесин...

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео...

CАЯСАТ 2020-02-04  04:50

Президент Сооронбай Жээнбеков: Ленинград курчоодон бошотулган күн —...

Президент Сооронбай Жээнбеков: Ленинград курчоодон бошотулган күн —...

«Ленинград курчоодон бошотулган күн — бул Ленинграддын жашоочуларынын гана эмес, Советтер...

CАЯСАТ 2020-01-28  05:43

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавируска байланыштуу абалды...

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавируска байланыштуу абалды...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-январда Кыргыз Республикасынын...

CАЯСАТ 2020-01-27  22:09

Президент Сооронбай Жээнбеков: Санариптештирүү саясатына тоскоолдук,...

Президент Сооронбай Жээнбеков: Санариптештирүү саясатына тоскоолдук,...

«Санариптештирүү саясатына тоскоолдук, саботаж кылуу — бул өлкөнүн келечегине кыянатчылык...

CАЯСАТ 2020-01-24  23:03