KELECHEK

Тажикстанда кайрадан ун кымбаттады

Тажикстанда кайрадан ун кымбаттады

Тажикстанда чет өлкөдөн келген 50 килограммдык бир кап ундун баасы 200 сомониден (20 доллар) ашты.

Өлкө аймактарында бир жума мурда 180 сомониден сатылып жаткан бир кап ундун баасы 210 сомониге чейин жогорулады. Душанбе базарларында 165-175 сомони турган бир кап ун учурда 185-195, айрым жерлеринде 200 сомониден сатылууда.

Ишкерлер баанын жогорулашын ун көп алынып келинген Казакстандын өзүндөгү ун тартыштыгы жана доллардын курсунун көтөрүлүшү менен түшүндүрүп жатышат.

Өлкөнүн Монополияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлү Шухрат Ибодов мекеме учурда ундун кымбатташынын себептерин аныктап жатканын билдирди. «Бүгүнкү күндө биздин кызматкерлер базарларга чыгып, абалды анализдеп жатышат. Жакынкы убактарда баалардын жогорулашынын себептерин аныктап, жарыялайбыз», — деди ал.

Акыркы бир жылдын ичинде бул Тажикстанда ундун бешинчи жолу кымбатташы. Өлкөгө бир жылга 2 миллион тонна ун керек болсо, анын 1 миллион тоннасын ички өндүрүүчүлөр камсыздайт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Өзбекстанда нан жана ун үчүн аз камсыз үй-бүлөлөргө $63 миң доллар...

Өзбекстанда нан жана ун үчүн аз камсыз үй-бүлөлөргө $63 миң доллар...

2019-жылы Өзбекстан ун жана нан сатып алууга кеткен чыгымдарды компенсациялоо үчүн аз камсыз...

ЭКОНОМИКА 2019-11-15  13:55

Абылгазиев: Күйүүчү май аткезчилигине кимдердин тиешеси бар экенин...

Абылгазиев: Күйүүчү май аткезчилигине кимдердин тиешеси бар экенин...

Кыргызстанга күн сайын бажы каттоосунан өтпөстөн 100 тоннадан ашык күйүүчү май алынып келүүдө. Бул...

ЭКОНОМИКА 2019-11-14  15:43

Калилов: темир жол салууда Орусия менен Өзбекстан жардам берет

Калилов: темир жол салууда Орусия менен Өзбекстан жардам берет

 «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын темир жолду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын...

ЭКОНОМИКА 2019-11-06  16:00

Кытай менен чектешкен аймакка соода-логистикалык борбор курулушу...

Кытай менен чектешкен аймакка соода-логистикалык борбор курулушу...

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ)...

ЭКОНОМИКА 2019-11-04  12:23

Мунайды автоунаада ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Мунайды автоунаада ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанга мунай жана мунайзаттарынын айрым...

ЭКОНОМИКА 2019-10-23  17:12

Кыргызстан CASA долбоорунун алкагында электр энергиясын 5,5 центтен...

Кыргызстан CASA долбоорунун алкагында электр энергиясын 5,5 центтен...

2023-жылдан кийин Кыргызстан CASA-1000 долбоорунун алкагында 1 кВт/саат электр энергиясын 5,5 центтен...

ЭКОНОМИКА 2019-10-22  17:07