KELECHEK

Өзбекстанда 57 жаштагы адам 15 жашар кызды зордуктаган деп шектелүүдө

Өзбекстанда 57 жаштагы адам 15 жашар кызды зордуктаган деп шектелүүдө

Өзбекстандын Сырдарыя облусундагы Ширин шаарынын 57 жаштагы тургуну коңшусунун 15 жашар кызын зордуктаган деп шектелүүдө.

Шаардык милиция бөлүмүнөн билдиришкендей, учурда бул факты боюнча тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрүүдө.

«Кылмышка шектүү катары 1962-жылы туулган жаран кармалды. Ал буга чейин соттолгон эмес. Азырынча анын бөгөт чарасы карала элек. Окуя болгондон кийин кыз беш күн дарыгерлердин көзөмөлүндө болду», — деди мекеменин өкүлү.

Күбөлөрдүн айтымында, шектүү кыздын жалгыз экенин билип, коңшусунун үйүнө дубалдан секирип өткөн.

«Кызды зордуктап жатканда анын апасы келип калган. Шектүү аны сабап, колу-бутун байлап башка бөлмөгө камап койгон. Ошол маалда кыйкырыктарды уккан коңшулар келип, милиция чакырышты», — деди күбөлөрдүн бири.

Адвокат Шерали Набиев жабырлануучу менен анын апасынын көрсөтмөлөрүнө карабастан, укук коргоо органдары бул кылмышты «бейбаштык» беренеси менен кароого аракет кылып жатышканын билдирди.

«Ал дубалдан секирип өтүп, кызды сабап, андан кийин зордуктаган. Бул жөнүндө кыз көрсөтмөсүндө жазган. Апасы үйгө кирип жылаңач турган коңшусун жана жерде эс-учун жоготуп жаткан кызын көргөнүн билдирди. Бирок шектүү ажы экендиги менен пайдаланып, жазадан кутулуу максатында дарыгерлер менен милицияга басым жасап жатат. Мындан улам кыздын туугандары Башкы прокуратурага кайрылды. Биз жергиликтүү аткаминерлер ишти жабууга аракет кылып жатат деп эсептейбиз», — деди адвокат.

Өлкөнүн Акыйкатчы институтунун аймактагы өкүлү Гули Умаралиева бул окуя алардын көзөмөлүндө экенин жана шектүүнүн күнөөсү далилденсе жоопко тартыла турганын билдирди.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Самаркандда мыйзамсыз алтын казган эки киши урандынын алдында калды

Самаркандда мыйзамсыз алтын казган эки киши урандынын алдында калды

Самарканд облусундагы «Каракутан» кенинде өз алдынча...

Петербургда скинхеддер өзбек жаранына кол салышты

Петербургда скинхеддер өзбек жаранына кол салышты

Санкт-Петербургда национал-социалисттик багыттагы бейформал топтун...

Нур-Султанда кыз зордуктоого айыпталган жаран 11 жылга соттолду

Нур-Султанда кыз зордуктоого айыпталган жаран 11 жылга соттолду

Нур-Султанда адистештирилген райондук сот...

Казакстанда поезд менен автобус кагылышып, бир киши мерт болду

Казакстанда поезд менен автобус кагылышып, бир киши мерт болду

15-сентябрда болжол менен кечки саат жетиде Алматы облусунун Шамалган станциясында автобус менен...

Арыста дагы жарылуу болуп, төрт аскер жабыркады

Арыста дагы жарылуу болуп, төрт аскер жабыркады

Казакстандын Арыс шаарындагы аскердик кампаны тазалоо учурунда ок-дары...

Ташкентте кумсаны өлтүрүүгө шектелгендер кармалды

Ташкентте кумсаны өлтүрүүгө шектелгендер кармалды

Шокир Шавкатов.

Ташкент шаарынын милициясы кумсанын...