KELECHEK
rek

Карагандыдагы ири металлургия комбинатында авария болду

Карагандыдагы ири металлургия комбинатында авария болду

4-сентябрда Карагандыдагы «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынын металлургия комбинатында авария болуп, төрт киши жаракат алды. Алардын денеси күйгөн, көгала болгон.

- №3 конвертерде жумуш жүрүп жаткан кезде тарс деген үн чыкты, аны менен кошо айланага буу менен ысык аба тарады. Анын кесепетинен төрт жумушчу жабыр тартты. Мамлекеттик органдарга убагында кабар берилди. Окуянын себептери иликтенүүдө, – деди компаниянын басма сөз кызматынын өкүлү.

Жабыр тарткан кишилердин экөө травматология борборуна, экөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

2018-жылы ноябрда металлургиялык комбинатта ири авария болуп, комбинат жумушун жарым-жартылай токтоткон. Анда беш киши жабыр тарткан.

Темиртау шаарындагы металлургиялык комбинат 1950-жылдардын аягында курулган. СССР тарагандан кийин комбинат жабык тендер аркылуу индиялык миллиардер Лакшми Митталдын колуна өткөн. «АрселорМиттал Темиртау» компаниясы Караганды аймагындагы көмүр кендерине да ээлик кылат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...