KELECHEK

«Фейсбуктун» 400 миллиондон ашуун колдонуучусунун телефондору Интернетте тараган

«Фейсбуктун» 400 миллиондон ашуун колдонуучусунун телефондору Интернетте тараган

Марк Цукерберг

Facebook социалдык түйүнүнүн 400 миллиондон ашуун колдонуучуларынын телефон номурлары Интернетте тарап кеткен. Бул тууралуу шаршемби күнү кечинде TechCrunch басылмасы билдирди.

Сыр сөз менен сакталбаган серверде социалдык түйүндөрдүн колдонуучуларынын телефон номурлары камтылган жүз миллиондогон жазуулар бар.

TechCrunch билдиргендей, анда колдонуучулардын аты-жөнү, жашаган жери тууралуу маалыматтар да бар. Базага АКШ жашоочуларынын 133 миллион, Вьетнам жашоочуларынын 50 миллион, Британия жашоочуларынын 18 миллион аккаунту кирип калган.

Басылма бул маалыматтардын ачык жарыяланышы алдамчылар тарабынан SIM-карталарды алмаштырып коюуга, спам жөнөтүүгө жол ачышы ыктымал деп эсептейт.

Июлда АКШнын Федералдык соода комиссиясы колдонуучулардын жеке маалыматтары ачыкка чыгып кеткени үчүн Facebook компаниясына беш миллиард доллар айыппул салган. Бийлик менен түзүлгөн келишимдин алкагында компаниянын негиздөөчүсү Марк Цукерберг жеке маалыматтарды бекем сактоо үчүн жоопкерчиликке тартылат.

«Фейсбук» компаниясына байланыштуу иликтөө 2018-жылы башталган. Анда журналисттер Дональд Трамптын президенттик шайлоо кампаниясынын жүрүшүндө «британиялык «Cambridge Analytica» компаниясы социалдык тармактын колдонуучулары жөнүндө маалыматты колдонду» деп айыптап чыккан. Аталган маалыматтар шайлоонун жыйынтыгына таасирин тийгизиши мүмкүн экени айтылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

ЕБ: Тажикстанда сөз эркиндиги орногондо гана инвестициялык колдоо...

ЕБ: Тажикстанда сөз эркиндиги орногондо гана инвестициялык колдоо...

Европа биримдигинин атайын өкүлү Петер Буриан

Европа биримдиги (ЕБ) Тажикстанда сөз эркиндигин...

Түркмөнстанда жоокерлер пахта теримге жөнөтүлдү

Түркмөнстанда жоокерлер пахта теримге жөнөтүлдү

Аскер кызматкерлери

Лебап облусунда аскердик милдетин өтөп жаткан жоокерлер өткөн айда пахта...

Иран Перс булуңунда Бириккен Араб Эмираттарына бараткан мунай...

Иран Перс булуңунда Бириккен Араб Эмираттарына бараткан мунай...

Перс булуңунда танкердин кармалышы (архив)

Иран бийлиги Перс булуңунда...

Гонконгдо нааразылык акциялардын башталганына 100 күн болду

Гонконгдо нааразылык акциялардын башталганына 100 күн болду

16-сентябрда Гонконгдогу нааразылык акциялардын башталганына 100 күн болду. Анын...

АКШда General Motors компаниясынын миңдеген жумушчулары иш таштоого чыгат

АКШда General Motors компаниясынын миңдеген жумушчулары иш таштоого чыгат

АКШда General Motors компаниясында иштеген 49 миң жумушчу...

CPJ: Түркмөнстан сөз эркиндиги чектелген өлкөлөрдүн сап башында

CPJ: Түркмөнстан сөз эркиндиги чектелген өлкөлөрдүн сап башында

Эритерия, Түндүк Корея жана Түркмөнстан сөз эркиндиги чектелген өлкөлөрдүн тизмесинин алдыңкы үч...