KELECHEK

Пентагон дубал тургузууга 3,6 миллиард доллар бөлөт

Пентагон дубал тургузууга 3,6 миллиард доллар бөлөт

АКШнын коргоо министри Марк Эспер аскер объектилерин салууга деп казынадан бөлүнгөн каражаттан Мексика менен чектеш жерге 280 чакырым дубал куруу үчүн 3,6 миллиард доллар которууга макул болду.

Чек араны дубал менен тосуу президент Дональд Трамптын шайлоо кампаниясындагы негизги убадалардын бири болгон. Бирок Конгресстеги демократтар курулушка жетиштүү каражат бөлүп берүүдөн баш тартышкан. Президент 6 миллиард доллардан ашык акча сурап, бирок Конгресс 1 миллард доллар гана бөлгөн. Трамп чек арага өзү киргизген өзгөчө кырдаал режиминен пайдаланып, бюджеттен аскер тармагына бөлүнгөн акчаны дубал курулушуна жумшоону чечкен.

«Америка үнү» Пентагондун өкүлүнүнө таянып билдиргендей, каражаттын теңи АКШнын аймагына курула турган аскер долбоорлорунан, ал эми калганы башка өлкөлөрдөгү долбоорлордон алынат.

Демократтар Коргоо министрлигинин чечимин кескин сындап жатышат. Алар акча которуу 127 аскер бөлүктөрүндөгү шартты начарлатып, армиянын сапатына доо кетерин айтышууда.

Пентагон Трамптын буйругу менен мыйзамсыз миграцияны көзөмөлдөө үчүн тартылган армиянын саны дубалдын курулушу менен кыскара турганын маалымдады.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Помпео Өзбекстандын адам укугу тармагындагы «прогрессти» кубаттады

Помпео Өзбекстандын адам укугу тармагындагы «прогрессти» кубаттады

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев. Ташкент, 3-февраль...

ДҮЙНӨ 2020-02-04  05:48

Кытай бийлиги коронавирус катталган шаардан казакстандык...

Кытай бийлиги коронавирус катталган шаардан казакстандык...

Казакстан коронавирус тараган Ухань шаарындагы казак жарандарын мекенине кайтаруу маселесин...

ДҮЙНӨ 2020-01-28  10:42

«Талибан» Ооганстанда америкалык учакты атып түшүргөнүн билдирди

«Талибан» Ооганстанда америкалык учакты атып түшүргөнүн билдирди

27-январда Ооганстандын чыгышындагы Газни провинциясында учак кыйрады. Муну провинция губернатору...

ДҮЙНӨ 2020-01-28  11:11

Трамп Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу планын жарыялады

Трамп Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу планын жарыялады

Трамп менен Нетаньяху Ак үйдө. 27-январь 2020-жыл

АКШнын президенти Дональд Трамп Жакынкы Чыгышта...

ДҮЙНӨ 2020-01-28  12:19

БУУ миссиясы: Ливияга курал-жарак жеткирүү уланууда

БУУ миссиясы: Ливияга курал-жарак жеткирүү уланууда

Ливиядагы өкмөттүк күчтөрдүн жоокери

19-январда Берлинде жетишилген макулдашууга карабастан,...

ДҮЙНӨ 2020-01-27  17:24

Помпео Ташкентте Борбор Азия өлкөлөрүнүн ТИМ башчылары менен жолугат

Помпео Ташкентте Борбор Азия өлкөлөрүнүн ТИМ башчылары менен жолугат

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Улуу Британиядагы сапарынан кийин февралдын башында...

ДҮЙНӨ 2020-01-27  17:27

Өзбекстан Кытайдан 30 студентин алып келет

Өзбекстан Кытайдан 30 студентин алып келет

25-январда Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов 2019-nCoV вирусу чыккан Кытайдын Ухань...

ДҮЙНӨ 2020-01-27  17:37