KELECHEK

Түркмөнстанда күйүүчү май тартыштыгы уланууда

Түркмөнстанда күйүүчү май тартыштыгы уланууда

Бензин тартыштыгынан улам Түркмөнстан жолдорунда автоунаалар азайды. Сентябрь 2019-жыл

Түркмөнстандын аймактарында күйүүчү май тартыштыгы уланууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы кабарлады.

«А-92 жана А-95 үлгүсүндөгү күйүүчү май таптакыр жок. Кээ бир май куюу жайларынан гана А-80 бензинин табууга болот. Дизель майы дагы жок болууда. Мындан улам жолдордо автоунаалар кыйла азайып калды», — деп билдирди басылманын Мары облусундагы кабарчысы.

Энергоресурстарга бай бул өлкөдө күйүүчү май тартыштыгы 2018-жылы февралда башталган. Анда бензин кымбаттап, май куюу жайларында кезек күткөндөрдүн саны кескин көбөйгөн.

Өткөн айда швейцариялык жана ооганстандык ишкерлер Түркмөнстанда өндүрүлгөн бензинди сатып алып жатканы кабарланган.

Быйыл 20-августта түркмөн басылмалары өлкөдө суткасына 500 автоунааны тейлөөгө кудуреттүү эки заманбап май куюу жайынын курулушу башталганын жазышкан.

Түркмөнстанда мамлекет тарабынан белгиленген А-95 үлгүсүндөгү бензиндин бир литринин расмий баасы 1,5 манатты, А-80дики 1,2 манат жана дизель майынын баасы 1,4 манатты түзөт. Өлкөнүн Борбордук банкынын расмий курсуна ылайык, 1 АКШ доллары 3,5 манатка барабар.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Эмомали Рахмон тажик-өзбек чек арасындагы кол салуу үчүн күч...

Эмомали Рахмон тажик-өзбек чек арасындагы кол салуу үчүн күч...

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон Коопсуздук кеңешинин жыйынында тажик-өзбек чек арасындагы...

Тажикстанда оппозициялык сайттар менен баракчалар бөгөттөлдү

Тажикстанда оппозициялык сайттар менен баракчалар бөгөттөлдү

Тажикстан Жогорку соту чет өлкөдөгү оппозициялык топторду бириктирген «Тажикстан Улуттук...

Мексика Боливиянын кызматтан кеткен президентине башпаанек берди

Мексика Боливиянын кызматтан кеткен президентине башпаанек берди

Боливиянын отставкага кеткен президенти Эво Моралес

Боливиянын 10-ноябрда кызматтан кеткен...

Грозныйдын мурдагы мэри адамдарды электрошокер менен кыйнагандыгы...

Грозныйдын мурдагы мэри адамдарды электрошокер менен кыйнагандыгы...

Ислам Кадыров аялды коркутуп жатат. «Грозный» телеканалы көрсөткөн сюжеттеги...

Өзбекстан аэропортторунда хиджабчан жүргүнчүлөрдү текшерүү...

Өзбекстан аэропортторунда хиджабчан жүргүнчүлөрдү текшерүү...

Өзбекстан аэропортторунда хиджаб кийген...