KELECHEK
rek

Гонконг бийлиги талаштуу мыйзам долбоорун кайтарып алды

Гонконг бийлиги талаштуу мыйзам долбоорун кайтарып алды

Гонконгдогу нааразылык акциясы. 31-август 2019-жыл

Гонконгдун лидери Кэрри Лам кылмышка шектүүлөрдү Кытайга экстрадициялоого жол ачкан талаштуу мыйзам долбоорун парламенттен кайтарып алганын билдирди. Июлда ал бул документ «өлгөнүн» жана мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеси ишке ашпай калганын билдирген.

Гонконгдо «Экстрадиция тууралуу» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө каршы нааразылык акциялар июнь айынан бери уланууда.

Полиция демонстранттарды суу жана көздөн жаш агызчу газ менен таратууга аракет кылууда. Акыркы кездери акция катышуучулары менен журналисттерге кол салууга жергиликтүү криминалдык топторго тиешеси бар делген адамдар дагы кошулганы белгилүү болду. Бул көрүнүштөр тартылган тасмалар жергиликтүү телеканалдардан көрсөтүлүп, социалдык түйүндөргө жайылып кетти.

Августтун аягында Гонконгдун тургундары бир нече күн аэропорттун имаратында нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Анда бийлик аба майдандагы бардык каттамдарды токтотууга аргасыз болгон.

5-июнда Гонконг бийлиги мыйзам долбоорун кабыл алуу жараянын расмий токтоткон. Анда Лам бул маселе боюнча түрдүү пикирлерди угуу үчүн кеңешмелерди өткөрүүнү сунуштап, бирок бийлик мыйзам долбоорун кабыл алуу планынан биротоло баш тартпаганын кыйыткан.

Автономиянын тургундары бийликтен кылмышка шектүүлөрдү башка өлкөлөргө өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоорунан баш тартууну талап кылышууда. Учурда экстрадиция тууралуу Гонконгдун болгону 20 гана өлкө менен макулдашуусу бар. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, бийлик Гонконгдун тургундарын автономия менен макулдашуусу жок өкмөттөргө, анын ичинде Кытайга, Тайванга жана Макаого өткөрүп бере алат.

Мыйзам долбооруна ылайык, экстрадиция тууралуу өтүнүчтү кароо укугу сот менен автономия жетекчисине берилип, Гонконгдун мыйзам чыгаруу органы шектүүлөрдү экстрадициялоо жараянын көзөмөлдөй албай калат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52