KELECHEK
rek

Курсан Асанов үч кылмыш иши боюнча суралууда

Курсан Асанов үч кылмыш иши боюнча суралууда

Ички иштер министрлигинин мурдагы орун басары Курсан Асанов үч кылмыш иши боюнча сурак берип жатат. Бул маалыматты «Азаттыкка» адвокат Таалайгүл Токтакунова ырастады.

Анын айтымында, үч иш тең Жазык кодексинин 320-беренесинин («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») негизинде козголгон. Анын экөө боюнча Асанов күбө катары суралууда. Ишти Аскер прокуратурасы тергеп жатат.

«Мыйзам боюнча ушул берененин негизинде иш козголгону менен кайсы факты экени көрсөтүлүшү керек. Бирок конкреттүү факты көрсөтүлгөн эмес. Ар кандай суроолорду берип жатышат, ошондуктан кайсы факты экенин билбейбиз», - деди адвокат.

13-августта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы «7-8-августта Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында милициянын кызыкчылыгын саткан жана ишеничтен кеткени аныкталды» деп чыгарган чечимдин негизинде Курсан Асановду кызматтан алган.

Асановго байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында министрликтин кызматкери Пайзылда уулу Дамирбек кармалып, Биринчи май райондук сотунун чечими менен 23-октябрга чейин №1 тергөө абагына камалган.

27-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту Асановдун бөгөт чарасын карап, ал 13-октябрга чейин үй камагына алынган.

27-августта Асановдун 22 жаштагы уулу Мухаммед-Али Асановго издөө жарыяланган. Башкы прокуратура тараткан маалыматка караганда, Асанов 8-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан далил буюмдарды жана кылмыш ишин тергөөдө керек болгон маанилүү документтерди жан сакчысы Дамирбек Пайзылда уулу аркылуу баласына берген. Далил буюмдар андан ары Атамбаевдин тарапкерлерине жеткириш үчүн берилгени айтылат.

Асанов өзүнө коюлган дооматты четке кагып, жеке кызыкчылыгын эч качан мамлекеттик кызыкчылыктан жогору койбой турганын айткан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53