KELECHEK

Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет

Президент Сооронбай Жээнбеков: Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет

«Терең билим адамга кайрат-күч берет жана анын турмушун жеңилдетет», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-сентябрда Бишкек шаарындагы «Газпром Кыргызстан мектептин» жалпы билим берүүчү мектебинин ачылышында.

Мамлекет башчысы окуучуларды Билим күнү жана жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады.

»Россия менен бизди өзгөчө ишенимдүү мамилелер байланыштырып турат. Ал мамилелер тарыхый, салт болуп калган достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүккө негизделген. Россия биздин жакын досубуз, ишенимдүү союздашыбыз жана стратегиялык өнөктөшүбүз. Биз Россия менен болгон байланыштарыбызды жогору баалайбыз», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Ал бүгүн ачылып жаткан мектеп билим берүү жаатындагы алгачкы биргелешкен кыргыз-россиялык чоң долбоор экенин кошумчалады жана өлкөнүн аймактарында ушул сыяктуу билим берүү мекемелери көбөйө берет деген үмүтүн билдирди.

Президент бул мектептин ачылышы Кыргызстан менен Россиянын биргелешкен жемиштүү ишинин көрсөткүчү экенин баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков мектептин педагогдор жамаатына жооптуу иште кайрат-күч, чыдамкайлык жана акылмандык, ал эми балдарга бекем ден соолук жана жакшы окууну каалады.

Ал бул долбоорду ишке ашырууга катышкан бардык адамдарга ыраазылык билдирди. Санариптештирүү доорунда ушул сыяктуу инновациялык мектептердин санын көбөйтүү зарыл экенин белгиледи.

Өз сөзүндө Сооронбай Жээнбеков «Газпромдун» биздин өлкөнүн экономикасына салган инвестициялык салымдардын көлөмү 35 миллиард сом болгонун эске салды.

Президент белгилегендей, бүгүн «Газпром» компаниясынын тобу биздин өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө жемиштүү таасирин тийгизүүдө, өлкө бюджетине 43 млрд сомго жакын, же 3,2 млрд доллар АКШ долларын которгон.

Ал «Газпром» компаниясына өлкөнү мунай заттары жана авиаотун менен, ал эми 2014-жылдан тартып жаратылыш газы менен туруктуу, үзгүлтүксүз камсыздап келатканы үчүн ыраазылык билдирди.

Мамлекет башчысы 2030-жылга чейин өлкөнүн 60 пайызын, же 400гө жакын калктуу пункттарды газ менен камсыздоо пландалып жатканын канааттануу менен баса белгиледи. Учурда аталган максат үчүн 25 млрд сом салынды.

Президент ошондой эле «Газпром — балдарга» программасынын алкагында Кыргызстандын бардык аймактарында тогуз дене тарбия-ден соолукту чыңдоо комплекстерин курган компаниянын социалдык жоопкерчиликтүүлүгүн баса белгиледи.

»Газпром» жыл сайын Улуу Ата Мекендик согуштун, Ленинград курчоосунун катышуучуларына, балдар үйлөрүнө, ооруканаларга жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам берүүдө. Бул максатта 400 млн сом калктын социалдык аярлуу катмарына бөлүнүүдө», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Эске салсак, «Газпром Кыргызстан мектеби» жалпы билим берүүчү мектеби «Газпром — балдарга» долбоорунун алкагында курулуп, 960 окуучулук орунга эсептелген. Мектеп эң жаңы жабдуулар менен жабдылган жана окуу, административдик, ашканасы бар чарбалык имарат-жайларды, актылар залын, спорттук залды жана бассейндерди камтыйт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жээнбеков Евробиримдик менен Азия өнүктүрүү банкынан жардам сурады

Жээнбеков Евробиримдик менен Азия өнүктүрүү банкынан жардам сурады

Президент Сооронбай Жээнбеков Европа Биримдигинин жана Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы...

CАЯСАТ 2020-03-27  15:24

Президент Сооронбай Жээнбеков ЭВФтин Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү...

Президент Сооронбай Жээнбеков ЭВФтин Кыргызстандагы Туруктуу өкүлү...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) Кыргыз...

CАЯСАТ 2020-03-26  13:49

Президент Сооронбай Жээнбеков Азия өнүктүрүү банкынын...

Президент Сооронбай Жээнбеков Азия өнүктүрүү банкынын...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 26-мартта Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ)...

CАЯСАТ 2020-03-26  17:33

Президент Сооронбай Жээнбеков: Бүгүнкү чоң сыноо келген күндөрү...

Президент Сооронбай Жээнбеков: Бүгүнкү чоң сыноо келген күндөрү...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 25-мартта, өлкөнүн айрым шаарларында жана...

CАЯСАТ 2020-03-25  18:54

Президент жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону убактылуу...

Президент жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону убактылуу...

Президент Сооронбай Жээнбеков өзгөчө кырдаал учурунда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо...

CАЯСАТ 2020-03-23  22:56

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Касым-Жомарт...

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Президенти Касым-Жомарт...

Бүгүн, 19-мартта Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын...

CАЯСАТ 2020-03-19  11:48

Президент Сооронбай Жээнбеков: Баарыңыздарды тартипти катуу сактоого...

Президент Сооронбай Жээнбеков: Баарыңыздарды тартипти катуу сактоого...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-мартта кыргызстандыктарга кайрылуу...

CАЯСАТ 2020-03-18  16:38