KELECHEK
rek

«Бишкек Кант Токмок» магистралдык газ өткөргүч-буруп кетме жана «Токмок» газ бөлүштүрүүчү станциясы ишке киргизилди

«Бишкек Кант Токмок» магистралдык газ өткөргүч-буруп кетме жана «Токмок» газ бөлүштүрүүчү станциясы ишке киргизилди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 2-сентябрда «Газпром Кыргызстан» ЖЧКнын башкы кеңсесине барды.

Анда «Бишкек-Кант-Токмок» магистралдык газ өткөргүч-буруп кетмени жана «Токмок» газ бөлүштүрүүчү станциясын ишке киргизүү боюнча долбоор менен тааныштырышты жана өлкөнү газдаштыруу пландары тууралуу айтып беришти.

Андан соң онлайн режимде видео-көпүрө аркылуу Мамлекет башчысы «Бишкек-Кант-Токмок» магистралдык газ өткөргүч-буруп кетмени жана «Токмок» газ бөлүштүрүүчү станциясын ишке киргизүүгө катышты.

Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды жана Чүй облусунун жашоочуларын бул маанилүү окуя менен куттуктап, «Газпром» компаниясынын өлкө экономикасын өнүктүрүүгө жана энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө кошкон салымын белгиледи.

«Газпром» компаниясы Кыргызстанда иштей баштагандан тартып, ал өзүнө алган милдеттенмелерин толук өлчөмдө аткарып жатат. Ата мекендик газ тармагына 25 млрд сом салынды. Социалдык долбоорлор активдүү ишке ашырылып жатат. Учурдан пайдаланып, жасалган иштер үчүн компания жетекчилигине ыраазылык билдирем», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Президент Токмок шаары өлкөнүн ири өнөр жай борборлорунун бири, ошондуктан анын энергетикалык коопсуздугунун мааниси чоң экенин белгиледи.

“Бул долбоор Чүй облусунун энергетикалык потенциалын жогорулатат жана башка региондорго да газ жеткирүүнүн пайдубалы болот деп ишенебиз», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.

Сооронбай Жээнбеков 2014-жылы өлкөнү газ менен камсыз кылуу 22 пайызды түзсө, 2018-жылдын акырына карата бул көрсөткүч 30 пайызга жетти. 40 миңден ашык үй чарбалары газ менен камсыз болушту.

“Өлкөнү мунай заттары, авиаотун жана жаратылыш газы менен туруктуу жана үзгүлтүксүз камсыз кылып жатканы үчүн компанияга ыраазылык билдиргим келет. Кубана турган нерсе, 2030-жылга чейин өлкөнүн 60 пайызын же 400 калк жашаган пункттарды газ менен камсыз кылуу болжолдонууда», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Мамлекет башчысы „Газпромдун“ инвестициялары ата мекендик экономикага жана экологияны сактоого оң таасир этип жатканын өзгөчө белгиледи.

«Газпром Кыргызстандын» пландары көп экенин билем. Биз бардык макулдашуулар аткарылат деп ишенебиз жана мындан аркы жемиштүү кызматташууга даярбыз», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

«Газпром Кыргызстан» компаниясында белгилешкендей, «Бишкек-Кант-Токмок» магистралдык газ өткөргүч-буруп кетмени жана «Токмок» газ бөлүштүрүүчү станциясын ишке киргизүү Токмок жана Кант шаарларынын керектөөчүлөрүн газ менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга шарт түзөт. Ошондой эле Ысык-Көл жана Нарын облустарына газ жеткирүү мүмкүнчүлүгү пайда болот.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Centerra Gold Inc:

Centerra Gold Inc: "Кумтөрдө" иш токтогон жок

Канадалык Centerra Gold Inc компаниясы Торонтодогу баалуу кагаздар биржасында акцияларды сатуу толугу менен...

ЭКОНОМИКА 2016-05-04  17:22

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 500 евролук банкнотту чыгарбай турган болду

Европа борбордук банкы 2018-жылдын аягына чейин 500 евролук банкнотту чыгарууну токтото тургандыгын...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:32

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан Кыргызстандын картошкасын киргизүүгө убактылуу тыюу салды

Казакстан картошка илдетине байланыштуу аны Кыргызстандан алып кирүүгө убактылуу тыюу салды. Бул...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  08:36

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Азербайжанда 90 миң долларлык каражатка ажаткана ачылды

Бейлаганда мектеп ажатканасынын салтанаттуу ачылыш аземи өттү.

Бейлагандагы №1 жана №4...

ЭКОНОМИКА 2016-05-05  17:01

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

АКШ офшордук компанияларды көзөмөлдөөнү күчөтөт

Кошмо штаттар офшордогу банктык эсептерди мыйзамсыз колдонууга каршы бир катар чараларды аныктады....

ЭКОНОМИКА 2016-05-06  17:36

Өзбекстан:

Өзбекстан: "Кудайдын үйүндө" 27 миң доллар жоголуп кетти

Анжияндагы мечит кызматкерлери садака жана диний басылмаларга жазылуудан чогулган 173 миллион сумду (27...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  04:25

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстанда экспорт менен импорттун көлөмү кыскарууда

Казакстандын Улуттук банкы экспорт ушул жылдын биринчи чейрегинде 8,4 миллиард долларды түзгөндүгүн...

ЭКОНОМИКА 2016-05-11  17:38