KELECHEK
rek

Жалал-Абад шаарынын өнөрпоздору “Керемет жерим – Кыргызстан” кароо-сынагына активдүү катышты

Жалал-Абад шаарынын өнөрпоздору “Керемет жерим – Кыргызстан” кароо-сынагына активдүү катышты

Жалал-Абад шаарынын өнөрпоздору “Тарых жана маданият” жылына карата Жалал-Абад облусунда уюштурулган “Керемет жерим – Кыргызстан” аттуу кароо-сынакка катышып, өз өнөрлөрүн элге тартуулашты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, бул иш-чарада шаардык маданият бөлүмү башында турган жалалабаддык өнөрпоздор шаардын жана кыргыз элинин тарыхына, каада-салттарына, келечектүү умтулуштарына байланышкан ар кандай сахналаштырылган оюн-зоокторду, шоу-программаларды, ыр-бийлерди даярдашып, “Жалал-Абад” санаторийинин аймагында шаардыктарга жана санаторийде эс алып жаткандарга кеңири тартуулашты.

Көрүүчүлөргө улуттук каада-салтка байланышкан “Чач өрүү”, “Ак кийди” сыяктуу сахналаштырылган иш-чаралар, бий топтору бийлеген улуттук бийлер, унутта калып бараткан кыргыздын эски ырлары, улуттук саркеч кийимдердин үлгүлөрүн даңазалоо боюнча номерлер өзгөчө кызыгууну жаратты.

- Биздин маданият кызматкерлерибиз бул кароо-сынакка жакшы даярдыктар менен келишти. Андан сырткары, кароо-сынакта шаардагы мекеме-ишканалар, окуу жайлары даярдаган көргөзмөлөр, андагы коюлган улуттук буюмдар да келген көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурду. Эң башкысы, шаардык тийиштүү кызматтар кароо-сынактын жакшы өтүшүнө карата жакшы шарттарды жаратып беришти, - дейт шаардын вице-мэри Турдалы Темирбаев.

Эми кароо-сынактын облус боюнча жыйынтыгын калыстар тобу чыгарып, алдыңкыларды белгилешет. 

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Бишкекте эл аралык балет фестивалы өтөт

Кыргыз академиялык опера жана балет театрында 15-майдан 21-майга чейин балет искусствосунун IV эл аралык...

МАДАНИЯТ 2016-05-06  17:34

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Сузакта “Жеңиш ырлары окуучулар арасында” аталышындагы кароо-сынак...

Бүгүн, 7-май күнү Жалал-Абад шаарындагы облустук Барпы театрында Сузак райондук Ооган согушунун ардагерлер...

МАДАНИЯТ 2016-05-07  15:33

"Жаныбек казы" тарыхый драмасы Бишкек шаарынын көрүүчүлөрүнө...

Үстүбүздөгү жылдын 16-май күнү Жалал-Абад облустук Барпы театрынын артисттери “Жаныбек казы” тарыхый...

МАДАНИЯТ 2016-05-13  05:41

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Жамала «Евровидение-2016” сынагын жеңип, Украинага кайтты

Быйыл “Евровидение” сынагында жеңишке ээ болгон украиналык ырчы Жамала бул ийгилигине шыктанып,...

МАДАНИЯТ 2016-05-16  19:07

Каннда

Каннда "Алтын пальманын" жеңүүчүлөрү белгилүү болду

69-жолу өтүп жаткан фестивалдын эң мыкты тасмасы катары британиялык режиссер Кен Лоучдун “Мен,...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  16:13

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Тарых жана маданият жылына арнап Сузактык окуучу өзүнүн китебин...

Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен үстүбүздөгү жыл "Тарых жана маданият жылы"...

МАДАНИЯТ 2016-05-23  18:32

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарында бий фестивалы өтүүдө

Жалал-Абад шаарындагы Курманбек стадионунда КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жана...

МАДАНИЯТ 2016-05-24  23:29