KELECHEK
rek

Кытай Тажикстандагы алтын кендерин иштетет

Кытай Тажикстандагы алтын кендерин иштетет

Talco Gold тажик-кытай биргелешкен ишканасы Тажикстандын түндүгүндө баалуу металл өндүрүүгө даярданууда. «Настоящее Время» кабарлагандай, кендердеги алтындын запасы 50 тоннадан ашат.

Бул жерден сурма да казып алуу пландалууда. Таза куймалар 2020-жылы ушул жерде салына турган металлургиялык комбинатта даярдалат.

Тажик алюминий компаниясы (ТАЛКО) өнөктөштөрдү издөөдө ресурстарды толугу менен кайра иштеткен жана сатууга даяр куймаларды чыгарган инвесторлорго артыкчылык бергенин билдирди. Кытай каражат, технология жана адистерди өз мойнуна алса, тажик тарап кенди ортого койгон. Киреше тең бөлүнөт.

ТАЛКО компаниясы даяр продукция чыгаруу үчүн кытайлык инвесторлор менен макулдашканын, алар металлургиялык комбинат курарын билдирди.

Кытай тарап долбоор үчүн 200 миллион доллар инвестиция жумшоодо. Кийинки жылдан тарта металлды кайра иштетүү башталары пландалууда. Talco Gold компаниясынын өкүлү Чжоу Ву жогорку кубаттуулуктагы линиялар тартылып, өтмөк салынганын билдирди. Эми дамба, канал жана калдык сактоочу жай курулат.

Тажикстанда алтындын 80 пайызын кытай-тажик биргелешкен компаниясы өндүрөт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...