KELECHEK

Тажикстан экономикасы начар 20 өлкөнүн катарына кирди

Тажикстан экономикасы начар 20 өлкөнүн катарына кирди

Тажикстан дүйнөдө экономикасы эң начар өнүккөн 20 өлкөнүн катарына кирди. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын, Эл аралык валюта фондунун сайттарындагы маалыматтарга таянып тажик басылмалар жазып чыгышты.

2018-жылдын жыйынтыгында ички дүң өнүмдүн абсолюттуу көрсөткүчүндө Тажикстан 200 өлкөдөн турган тизменин ортосунда жайгашкан.

Өткөн жылы Тажикстандын ички дүң өнүмү 7,5 миллиард долларды түзгөн жана бул өтө деле начар көрсөткүч эмес. Бул жагынан алганда өлкө Европадагы Лихтенштейн, Монако же Гренландия аймагынан кыйла алдыда. Бирок ички дүң өнүмдү калктын санына бөлүп эсептегенде, Тажикстан 195 өлкөдөн турган тизменин 175-сабына түшөт.

Экономикасынын начардыгы боюнча КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан Тажикстанга жакыныраак. Бирок өлкөдө ички дүң өнүмдү жан башына эсептегенде кыйла жогору. Эгер Тажикстанда бир адам үчүн жылына 807 долларга товар жана кызмат өндүрүлсө, Кыргызстанда бул көрсөткүч 1254 долларды, Өзбекстанда 1326 долларды түзөт.

Иликтөөлөрдө Борбор Азиядагы чабал өлкөлөрдүн экономикасы мигранттар которгон акчадан көз каранды экени айтылат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Кытайда Си Цзинпинди кызматтан кетүүгө чакырган активист кармалды

Кытайда Си Цзинпинди кызматтан кетүүгө чакырган активист кармалды

Хубэй провинциясындагы медициналык палата. 16-февраль 2020-жыл

Кытайда төрага Си Цзинпинди...

Метродо коронавирус жөнүндө тамаша кылган тажикстандык 7 жылга...

Метродо коронавирус жөнүндө тамаша кылган тажикстандык 7 жылга...

Москва метросунда коронавирус темасында оюн уюштурган тажикстандык Кароматулло Жабборовго тагылган...

Казак бийлиги Назарбаевдин небересинин билдирүүсү боюнча...

Казак бийлиги Назарбаевдин небересинин билдирүүсү боюнча...

Британиядан башпаанек сураган Айсултан Назарбаевдин билдирүүсү...

Асаддын армиясы Алеппого жакын шаарды көзөмөлүнө алды

Асаддын армиясы Алеппого жакын шаарды көзөмөлүнө алды

Сирияда президент Башар Асаддын режимин колдогон басылмалар...

«Амазондун» негиздөөчүсү климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө $10...

«Амазондун» негиздөөчүсү климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүгө $10...

Жефф Безос

«Амазондун» негиздөөчүсү Жефф Безос климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча...

Цукерберг: “Фейсбук” күнүгө миллион фейк аккаунтту өчүрүүдө

Цукерберг: “Фейсбук” күнүгө миллион фейк аккаунтту өчүрүүдө

“Фейсбук” социалдык түйүнүнүн негиздөөчүсү Марк Цукерберг күн сайын администраторлор...

Түркмөн президентинин кичи мекени мыкты район сынагында $1 миллион...

Түркмөн президентинин кичи мекени мыкты район сынагында $1 миллион...

Ахал облусунун Көктепе районундагы Бабарап айылы

Түркмөнстандын Көктепе району 2019-жылдагы эң...