KELECHEK
rek

Жалал-Абадда “Мутакалим” коомдук фонудунун ишине шаардык кеңештин депутаттары макулдук беришти

Жалал-Абадда “Мутакалим” коомдук фонудунун ишине шаардык кеңештин депутаттары макулдук беришти

Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары өткөн жумада өткөн сессиянын жыйынында “Мутакалим” коомдук фондусунун кайрылуусун карап, анын шаарда иш алып барышына макулдук беришти. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, “Мутакалим” коомдук фондусунун Жалал-Абаддагы филиалы бардык тийиштүү документтери жана шарттары менен юстиция органдарынан каттоодон өткөн жана анын филиалын түзүп иштетүүгө 254 киши демилгечи болгон. Эми шаар аймагында өз ишин жүргүзүү үчүн алар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын макулдугун алышы керек. Бул тууралуу сессиянын жыйынында депутат Майрамбек Адылбеков айтып чыкты.

Бирок, айрым депутаттар коомдук фонддун филиалын ачуу боюнча демилгечи топто шаардын эмес, башка аймактардын өкүлдөрү бардыгын эске алышып, бул маселени шашпай карап, кийинки жыйындарда чечим кабыл алууну сунушташты. Ошондой эле, депутаттар “Мутакалим” коомдук фондусу тууралуу маалыматтарынын жетишпестигин да жашырышпады.

Бир топ талаш-тартыштардан кийин бул маселе колго салынып, депутаттардын көпчүлүгү аталган фонддун филиалынын шаарда иш жүргүзүүсүнө макулдук беришти.

Эске сала кетсек, “Мутакалим” коомдук фондусу 1999-жылы түзүлүп, Кыргызстандын бардык аймактарында аялдардын арасында адеп-ахлак, дин тутуу жагынан иш жүргүзүп келет. 

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13