KELECHEK

Өзбекстанда 31 жаштагы келин өзүнө өрт коюп каза болду

Өзбекстанда 31 жаштагы келин өзүнө өрт коюп каза болду

Өзбекстандын Кашкадарыя облусундагы Чиракчин районунун 31 жаштагы тургуну өзүнө өрт коюп, каза болду.

Күбөлөрдүн айтымында, келин 26-август күнү кечинде үч баласын сыртка чыгарып, үйдүн ичинде өзүнө бензин чачып өрт койгон. Анын денесинин 90 пайызы күйүп калгандыктан, эртеси ооруканада каза болду.

«Ошол учурда мал айдап келаткан кошуналардын бири үйдүн ичинен түтүн чыгып жатканын байкап, ичине кирген. Ал келиндин күйүп жатканын көрүп, дароо төшөк ороп өчүргөн», — деди күбөлөрдүн бири.

Анын айтымында, айылда кудук же көлмө жок болгондуктан, жашоочулар өрттү өз алдынча өчүрө алышкан эмес, үй толугу менен күйүп кеткен.

Чиракчин райондук прокуратурасы тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталганын билдирди.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, каза болгон келин үйүндө нан жаап, базарга алып барып сатчу. Күйөөсү түрдүү жумуштарда жалданып иштейт. Өрт чыккан маалда ал жумушта болгон.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Өзбекстан: аткаминер Анжиян окуясында элге бийлик да ок атканын айтты

Өзбекстан: аткаминер Анжиян окуясында элге бийлик да ок атканын айтты

Өзбекстандын башкы прокурорунун орунбасары Светлана Артыкова 2005-жылдын 13-майында Анжиянда өкмөттүн...

Кыргызстанда маңзат ташыган топ кармалды

Кыргызстанда маңзат ташыган топ кармалды

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) ооган маңзатын ташыган топ колго түшкөнүн...

Чарчап калган 1 жашар Ясина сабалганы аныкталды

Чарчап калган 1 жашар Ясина сабалганы аныкталды

Бул тууралуу «Азаттыкка» Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Улан Канаев...

Өзбекстанда үч бала иске уланып мерт болду

Өзбекстанда үч бала иске уланып мерт болду

Өзбекстандын Жизак облусунда бир үйдөн 8, 12 жана 14 жаштагы үч бир тууган газга ууланып кайтыш болду....

Орусияда өрттөн мерт болгон он өзбекстандыктын сөөгү мекенине...

Орусияда өрттөн мерт болгон он өзбекстандыктын сөөгү мекенине...

Орусиянын Томск облусундагы жыгач үйлөрдүн биринде өрттөнүп кеткен өзбекстандык 10 мигранттын сөөгү...

Анжиянда үйүн конфискациялоого каршы чыккан киши өзүнө өрт койду

Анжиянда үйүн конфискациялоого каршы чыккан киши өзүнө өрт койду

Анжиян облусунда 31 жаштагы жергиликтүү тургун үйүн конфискациялоого келген Мажбурлап аткартуу...

Сузакта келин эки баласы менен иске ууланып каза болду

Сузакта келин эки баласы менен иске ууланып каза болду

Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылында 33 жаштагы келин эки баласы менен иске ууланды. Бул тууралуу...