KELECHEK

Британ ханышасы Брекзит алдында парламенттин ишин токтотту

Британ ханышасы Брекзит алдында парламенттин ишин токтотту

Британия ханышасы Елизавета II премьер-министр Борис Жонсондун парламенттин ишин токтото туруу боюнча сунушун канааттандырды.

Парламенттеги тыныгуу 9-12-сентябрь аралыгында күчүнө кирет жана 14-октябрга чейин созулат.

Өкмөттүн сунушуна ылайык, ханышанын парламенттин жаңы сессиясын ачкан салттуу кайрылуусу 14-октябрга белгиленип жатат. Өкмөттүн көз карашында, бул аралык Брекзит маселесин парламентте талкуулоого корой турган убакытты азайтат. Жонсон парламенттин ишин токтото турууну өкмөттүн жаңы программасын даярдоо жана жарыялоо үчүн колдоно турганын жана мунун Брекзитке тиешеси жок экенин айтууда.

Оппозиция Жонсондун кадамын депутаттарды Брекзит жараянына атайын катыштырбоо аракети катары баалап, бул Конституцияга каршы келе турганын билдирүүдө. Оппозиция өкмөттү бул аракети үчүн сотко берүүгө ниеттенүүдө.

Жонсон ЕБдан чыгуу кампаниясынын лидерлеринин бири.

Парламент Борис Жонсонго чейинки премьер-министр Тереза Мэйдин Брюссель менен түзүлө турган келишим тууралуу долбоорун үч жолу четке каккан. Жыйынтыгында бул кризис Тереза Мэйдин кызматтан кетишине алып келген.

Премьер-министрлик кызматка өткөн айда киришкен Борис Жонсон 31-октябрга чейин Британия ЕБ менен атайын келишим түзсө да, түзө албай калса да уюмдун курамынан чыга турганын жарыялаган.

Формалдуу түрдө Жонсондун өкмөтү парламентте минималдык көпчүлүккө ээ. Бирок анын партиясында дагы Брекзиттен келишимсиз чыгууга каршы чыккан депутаттар бар жана алар өкмөт башчыга тоскоол болуу үчүн оппозиция менен биригип кетиши мүмкүн.

Оппозиция референдум алдында эч ким шайлоочуларга Брекзиттен келишимсиз чыгуу ыктымалдуулугун эскертпегенин билдирүүдө. Талдоочулардын жана өкмөттүн эсебинде өлкө уюмдан келишимсиз чыкса, экономикага катуу сокку урулуп, медикамент, тамак-аш жана башка товарларды жеткирүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

2016-жылдагы референдумдун жыйынтыгы боюнча Британия Европа Биримдигинен быйыл 29-мартта эле чыгышы керек болчу. Келишим түзүлбөгөндүктөн, бул мөөнөт 31-октябрга жылдырылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Конгрессмен Трампка импичмент жарыяланышы мүмкүн экенин билдирди

Конгрессмен Трампка импичмент жарыяланышы мүмкүн экенин билдирди

АКШнын президенти Дональд Трамп Украинанын мамлекет башчысы Владимир Зеленскийге басым жасагандыгы...

ДҮЙНӨ 2019-09-23  23:44

Помпео Саудияга кол салууну «согуш актысы» деп атады

Помпео Саудияга кол салууну «согуш актысы» деп атады

Шаршембиде Сауд Арабиясына барган АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео...

ДҮЙНӨ 2019-09-20  14:42

АКШ Эдвард Сноуденди китеби үчүн сотко берди

АКШ Эдвард Сноуденди китеби үчүн сотко берди

Эдвард Сноуден

Эдвард Сноудендин мемуары жарыкка чыккан соң АКШ...

ДҮЙНӨ 2019-09-18  18:49

Ак үй Усама бен Ладендин уулу өлтүрүлгөнүн тастыктады

Ак үй Усама бен Ладендин уулу өлтүрүлгөнүн тастыктады

Хамза бен Ладен

"Аль-Каида" террордук уюмунун...

ДҮЙНӨ 2019-09-16  14:43

АКШ Мексика менен чек арасындагы аскерлерин дагы бир жылга калтырат

АКШ Мексика менен чек арасындагы аскерлерин дагы бир жылга калтырат

АКШ чек арасындагы мигранттар

Пентагон 2020-жылы мыйзамсыз миграция менен...

ДҮЙНӨ 2019-09-14  20:17

Казакстан Кытайга азык-түлүк экспорттоону көбөйткүсү келет

Казакстан Кытайга азык-түлүк экспорттоону көбөйткүсү келет

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 11-сентябрда Пекиндеги эки...

ДҮЙНӨ 2019-09-12  20:21

Трамп улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтонду кызматтан алды

Трамп улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтонду кызматтан алды

Джон Болтон

АКШнын президенти Дональд Трамп улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтонду...

ДҮЙНӨ 2019-09-11  10:30