KELECHEK

Израиль Ирандын Сириядагы объектилерине сокку урду

Израиль Ирандын Сириядагы объектилерине сокку урду

Жекшембиге оогон түнү Израиль аба күчтөрү Сириянын аймагындагы Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусуна таандык объектилерге сокку урду.

Израиль тараптын маалыматына караганда, Иран жакынкы күндөрү ал объектилерден учкучсуз башкаруудагы учактар менен Израилге чабуул коюуга даярдык көрүп жаткан.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху өлкөгө коркунуч жараткан ирандын объектилерине мындан кийин дагы соккулар жасала турганын билдирди. «Эгер кимдир бирөө сени өлтүргөнү жатса – сен аны биринчи өлтүр», — деп жазды Нетаньяху «Твиттердеги» баракчасына.

Сириянын өкмөттүк басылмалары кабарлагандай, израль ракеталарынын көбү абадан коргонуу системасы менен атылып түшүрүлгөн. Азырынча жоготуулар жана кыйроолор тууралуу так маалыматтар жок.

Израиль аскерлери акыркы кездери Сириядагы Ирандын жана ага тиешеси бар топтордун күчтөрүнө карата бир нече жолу аба соккуларын жасаган. Бирок расмий түрдө ал чабуулдар боюнча комментарий берген эмес.

Ал ортодо Ливан жекшембиге караган түнү эки израиль дрону «Хезболла» радикал тобунун Бейруттун түштүк тарабындагы объектисине жакын жерге түшкөнүн билдирүүдө. Алардын бири жарылып, объектиге зыян келтирген. Азырынча дрондордун атылып түшүрүлгөн-түшүрүлбөгөндүгү белгисиз. Израиль аскерлери бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Кытайда Си Цзинпинди кызматтан кетүүгө чакырган активист кармалды

Кытайда Си Цзинпинди кызматтан кетүүгө чакырган активист кармалды

Хубэй провинциясындагы медициналык палата. 16-февраль 2020-жыл

Кытайда төрага Си Цзинпинди...

Казак бийлиги Назарбаевдин небересинин билдирүүсү боюнча...

Казак бийлиги Назарбаевдин небересинин билдирүүсү боюнча...

Британиядан башпаанек сураган Айсултан Назарбаевдин билдирүүсү...

Асаддын армиясы Алеппого жакын шаарды көзөмөлүнө алды

Асаддын армиясы Алеппого жакын шаарды көзөмөлүнө алды

Сирияда президент Башар Асаддын режимин колдогон басылмалар...

Цукерберг: “Фейсбук” күнүгө миллион фейк аккаунтту өчүрүүдө

Цукерберг: “Фейсбук” күнүгө миллион фейк аккаунтту өчүрүүдө

“Фейсбук” социалдык түйүнүнүн негиздөөчүсү Марк Цукерберг күн сайын администраторлор...

Түркмөн президентинин кичи мекени мыкты район сынагында $1 миллион...

Түркмөн президентинин кичи мекени мыкты район сынагында $1 миллион...

Ахал облусунун Көктепе районундагы Бабарап айылы

Түркмөнстандын Көктепе району 2019-жылдагы эң...

Жалпы орусиялык жеңил атлетика федерациясынын жетекчилиги кызматтан...

Жалпы орусиялык жеңил атлетика федерациясынын жетекчилиги кызматтан...

Жалпы орусиялык жеңил атлетика федерациясынын президентинин милдетин аткаруучу Юлия...

Орусияда президент кызматын «жогорку башкаруучу» деп өзгөртүү...

Орусияда президент кызматын «жогорку башкаруучу» деп өзгөртүү...

Орусияда Конституцияны өзгөртүүгө даярдык көрүү боюнча жумушчу топ Баш мыйзамга жүздөн ашык жаңы пункт...