KELECHEK
rek

Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч, жабыркаган милиционер ооруканада

Кыргыз-тажик чек арасында абал тынч, жабыркаган милиционер ооруканада

Кыргыз-тажик чек арасы. 23-июль, 2019-жыл

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы тилкеде абал тынч, топтолгон эл жок. 24-августта жабыркаган милиционердин абалы жакшы, ал Кулунду айылынын ооруканасында дарыланууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов билдирди.

Бекмуратов 25-августта Тажикстандын чектеш Гафуров районунун жетекчиси Зариф Назири менен жолукканын, натыйжада Баткен облусу менен Согди облусунун жетекчилерине атайын сунуш кат жазып, чек ара аймагында курулуш жүргүзүү маселесин чечип берүү өтүнүчү менен кайрылышарын айтып берди. Ага чейин бир жума чек арага жакын жерде курулуш иштерин токтото туруу жөнүндө чечим кабыл алынды.

- Чек ара аймагынан 500 метрге чейинки аралыкта курулуш иштерин жүргүзбөө тууралуу 2004-жылы чыгып, 2011-жылы толукталган келишимдер бар, - деди аким. - Биз губернаторлорго ишти жандандыруунун зарылдыгы тууралуу кайрылуу жазалы деп сүйлөштүк. Себеби эл тиричилик кылышы керек, бирөө сарай салса, дагы бирөө көмүркана салышы зарыл. Эки аким губернаторлорубузга чечим кабыл алып берүү боюнча өтүнүч кат жазмай болдук. Ага чейин бир жуманын ичинде эки тараптан тең курулуш иштери токтоп турарын макулдаштык.

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын расмий маалыматына караганда, 24-августта Лейлектин Жаңы-Жер айыл аймагына караштуу Борбордук айылында чек ара чыры катталган. 15-20 тажик жараны короосуна тосмо куруп жаткан кыргызстандыктан ишти токтотууну талап кылып, ал жер тактала элек тилке экенин айтышкан. Тажикстандыктар анын курулушун буза башташкан. Окуя болгон жерге кыргыз чек арачылары жана милиция кызматкерлери барган. Тажик жарандары аларга таш ыргытып, колундагы куралын тартып алууга аракеттенишкен. Абал курчуп кетпеши үчүн кыргыз чек арачылары эки жолу асманга ок атканда чогулгандар тарап кетишкен.

Тажикстандын Чек ара аскерлери 24-августтагы окуяга кыргыз тарап күнөөлүү деп жатат. Мекеме тараткан расмий маалыматта кыргызстандык жаран тактала элек тилкеде курулушка тыюу салынганына карабастан кара май куюучу станция курганы жатканы айтылат.

“Баткендин тургундары дайыма ортодо кабыл алынган протоколдорду бузуп, чагымчыл аракеттерге барышат” деп айтылат тажик чек арачыларынын билдирүүсүндө.

Быйыл июль айында кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков менен тажик президенти Эмомали Рахмондун жолугушуусу өтүп, чек ара маселеси талкууланган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41