KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков: Соттук-укуктук реформанын негизги максаты — эл талап кылган акыйкат жана калыс сот адилеттигине жетишүү

Президент Сооронбай Жээнбеков: Соттук-укуктук реформанын негизги максаты — эл талап кылган акыйкат жана калыс сот адилеттигине жетишүү

«Соттук-укуктук реформанын негизги максаты — эл талап кылган акыйкат жана калыс сот адилеттигине жетишүү», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 22-августта Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушууда.

Мамлекет башчысы сот системасын, укук коргоо органдарын тазалоо, мыйзамдарды өркүндөтүү иштери күчөтүлгөнүн белгиледи.

«Эми соттук процесстин баары ачык- айкын болот, мурдагыдай көмүскө болбойт. Санариптик инфраструктура, видеобайкоо артыкчылыктуу тартипте киргизилет. Бул коррупциянын жоюлушуна алып келет. Бардык иштер бирдиктүү реестрге катталат», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков. 

Ал ар бир жаран үчүн тергөөнүн жүрүшү, сот процесси жеткиликтүү болорун жана маалыматтын баары ушул реестрде катталарын кошумчалады.

«Эми кааласа ишти жаап коюп, кааласа ачканга мүмкүндүк болбойт.

Биз эски репрессивдик мыйзамдардан кетип, жаңы укуктук стандарттарга өтүп жатабыз. Анча оор эмес мыйзам бузуулар кылмыштардын катарынан чыгарылып, мыйзамдарды гуманизациялоонун алкагында жорук катары бааланат. Жорук жасагандар эркиндигинен ажыратылбайт, андайлар үчүн айып пул, коомдук иштер каралган. Жорук жасаган жарандар, өзгөчө жаш өспүрүмдөр, оор кылмышкерлер менен чогуу камалып, криминалдык чөйрөнүн терс таасирине кабылбайт. 

Соттук —укуктук реформа элдин колдоосуна муктаж экенин өзгөчө белгилегим келет.  Анткени реформанын ишке ашпай калышын каалаган, эскиче жашоону эӊсеген күчтөр аз эмес. Бир да реформа кемчиликсиз болбойт. Бирок, алган багытыбыздан тайбастан, алга кадамдашыбыз керек», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12