KELECHEK
rek

Жогорку Сотто Азимжан Аскаровдун иши каралууда

Жогорку Сотто Азимжан Аскаровдун иши каралууда

Жогорку Сот өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин жаңы жагдайларга байланыштуу кайра карай баштады. Сот ачык өтүп, жараян катышуучуларынан башка ага эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, укук коргоочулар жана журналисттер катышууда.

Соттук жараянга Германия, Британия, Швейцария жана Франциянын элчиликтеринин өкүлдөрү көз салууда.

Жараянды Жогорку Соттун судьялары Качыке Эсеналиев, Лепес Темирбеков жана Каныбек Бокоевден турган соттук коллегия карап жатат. Ал эми сотто адвокаттар Нурбек Токтакунов жана Валерьян Вахидов Аскаровдун таламын коргоодо.

Аскаров боюнча Жогорку Сотто карала баштаган процесске ал өзү катышар-катышпасы азырынча анык эмес. Адвокаты Нурбек Токтакунов айыпталуучуну сотко катыштыруу тууралуу өтүнүч келтирди.

Бирок сот бул маселе ачык бойдон калганын, эгер муктаждык болсо алып келишерин билдирди. Адвокаттар бул эл аралык укук эрежелерине каршы келерин эскертти.

2010-жылдын Июнь окуясы үчүн айыптуу деп өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кайра кароо сунушун жазында Кыргызстанга БУУнун Адам укуктары комитети берген. Жаңы жагдайларга байланыштуу иш бүгүнтөн тарта кайрадан Жогорку Сотто карала баштады.

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жашаган Азимжан Аскаров 2010-жылы июнь коогасына байланыштуу камакка алынган. Ага “улут аралык жаңжалды козуткан, калайман башаламандык уюштурган жана адам өлтүрүүгө аралашкан” деген айып тагылып, өмүр бою эркинен ажыратылган.

Аталган окуяда мерт болгон милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун жубайы Чынара Бечелова Аскаровдун ишинин кайра каралышына каршы чыгып, зарыл болсо өзү да БУУга кайрыларын айтууда.

Азимжан Аскаров Бишкектеги №47 абакта жазасын өтөп жатат.

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Орусияда чет элдик уюмдарга телеаудиторияны анализдөөгө тыюу салынды

Чет элдик уюмдарга орусиялык телекомпаниялардын аудиториясын...

УКУК 2016-07-05  23:25

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Сейтказы Матаевдин жактоочулары тергөөнүн аракетине каршы даттанды

Казакстан Журналисттер биримдигинин төрагасы Сейтказы Матаевдин жактоочулары...

УКУК 2016-07-05  23:39

УКМК: Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнө каршы аракет болгон эмес

УКУК 2016-09-21  10:11

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет

6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...

УКУК 2016-05-02  11:39

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египетте оппозициялык эки журналист камалды

Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...

УКУК 2016-05-02  22:10

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды

Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы  эсебинен 17,5 миң  долларын 4 айдан...

УКУК 2016-05-02  22:38

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул

Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...

УКУК 2016-05-02  22:53