KELECHEK

Шашылыш билдирүү: 23-24-августтарда туруксуз аба-ырайы күтүлөт!

Шашылыш билдирүү: 23-24-августтарда туруксуз аба-ырайы күтүлөт!

Үстүбүздөгү жылдын 23-24-августтарында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: Мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 23-24-августтарда Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы бир аз төмөндөйт.

 Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

 2019-жылдын 23-24-августтарында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ысык-Көл облусунун тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.

 22-26-августтарда 22-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

 22-августта күндүз жана 23-августта түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

 23-августта кундүз жана 24-августта көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

 25-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан-жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

 25-августта күндуз жана 26-августта жаан-чачын күтүлбөйт.

 Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 22-24-августтарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

27-28-августтарда тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтулбөйт. Абанын температурасы жогорулайт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абаддагы жармаңкеде карылар өздөрү өстүргөн гүлдөрдү алып...

Жалал-Абаддагы жармаңкеде карылар өздөрү өстүргөн гүлдөрдү алып...

Фестивалдын катышуучулары.

Жалал-Абад шаарындагы «Мир» кинотеатрынын алдындагы аянтта...

КООМ 2019-09-20  14:33

ЮНИСЕФ: Былтыр согуш жүрүп жаткан аймактарда 29 миллиондон ашык бала...

ЮНИСЕФ: Былтыр согуш жүрүп жаткан аймактарда 29 миллиондон ашык бала...

Былтыр Ооганстан, Сомали, Түштүк Судан, Сирия жана Йемендин согуш жүрүп жаткан аймактарында 29...

КООМ 2019-09-20  16:07

Президент Сооронбай Жээнбеков 164 кыргызстандыктарга мамлекеттик...

Президент Сооронбай Жээнбеков 164 кыргызстандыктарга мамлекеттик...

«Бакубат жашоонун, келечектин, кубаттуу өлкөнүн бир гана тиреги — эмгек!», — деп баса...

КООМ 2019-09-19  19:32

Жалал-Абад: 53 жоокер аскерге жөнөп кетти (ФОТО)

Жалал-Абад: 53 жоокер аскерге жөнөп кетти (ФОТО)

Өткөн жума соңунда Жалал-Абад шаарында жаш жоокерлерди аскерге узатуу  салтанаты өттү....

КООМ 2019-09-16  13:14

БУУ Тажикстанды калкты таза суу менен камсыздоо үндөдү

БУУ Тажикстанды калкты таза суу менен камсыздоо үндөдү

БУУнун суу жана санитардык кызматтар боюнча атайын баяндамачысы Лео Хеллер Тажикстан...

КООМ 2019-09-16  16:14

Муктар Джумалиев Кыргызстандын Люксембургдагы Элчиси жана Түндүк...

Муктар Джумалиев Кыргызстандын Люксембургдагы Элчиси жана Түндүк...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-сентябрда кол койгон Жарлыкка ылайык,...

КООМ 2019-09-13  19:34

Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча коомдук уюмдардын жетекчилери...

Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча коомдук уюмдардын жетекчилери...

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев бүгүн, 10-сентябрда, коррупцияга...

КООМ 2019-09-10  20:48