KELECHEK
rek

Ташкент мэри кабылдамасына келген тургундарды тилдеди

Ташкент мэри кабылдамасына келген тургундарды тилдеди

Ташкент шаарынын акимине жолугушуу үчүн келген Мирабад районунун ондон ашуун тургуну аткаминер тарабынан орой мамилеге туш болушту.

Район тургундары 2017-жылы мурдагы аким Рахмонбек Усманов балдар аянтчасы менен автоунаа токтотууга арналган жерди мыйзамсыз түрдө жеке ишкерге берип койгонун айтышып, аны кайра кайтарып берүүнү суранышкан.

"Азаттыктын" өзбек кызматы жарыялаган аудиожазууда алар эгер талап аткарылбаса, президентке кайрылып, балдары менен митингге чыга турганын айтышкан. Аким бул маселени чече албай туранын билдирип, сотко кайрылуу кеңешин берген. Бирок район тургундарын мындай жооп ынандырган эмес:

– Сиз бизди прокуратурага, прокуратура сотко, сот болсо кайра сизге жиберип жатат. Силер эмне элди шылдың кылып жатасыңарбы? Сизде мурдагы шаар башчысынын чечимин жокко чыгаруу укугу бар го, жокко чыгарыңыз, – деген алар.

Мындан соң Ташкент мэри Жахонгир Артыкходжаев аларды каарып, тилдеген:

– Мени сотко бергиле! Каалаган жагыңарга кайрылгыла! Кааласаңар, президенте баргыла, кааласаңар кудайга баргыла! Арызыңар менен Брюсселге баргыла! Эгер каласаңар пикет өткөргүлө.

Ташкент мэри менен жолугушкан жарандардын бири шаар башчысы менен бир пикирге келе алышпаганын, аткаминер администрациядан аларды кууп чыкканын белгиледи.

Ташкент мэри Жахонгир Артыкходжаев 100дөй ишканага ээлик кылары, өзбек экономикасынын эн кирешелүү тармактарын көзөмөлдөй турганы айтылып жүрөт.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13