KELECHEK
rek

Wall Street Journal: АКШ менен Венесуэла бийлиги жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Wall Street Journal: АКШ менен Венесуэла бийлиги жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө

Дональд Трамптын администрациясы Кошмо Штаттар жана башка ондогон өлкөлөр тарабынан таанылбаган Венесуэла президенти Николас Мадуронун айланасындагы кишилер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрө баштады.

Иш-чаранын максаты – Мадурону бийликтен кетирүүгө шарт түзүү, өлкөдө эркин шайлоо өткөрүү экени айтылууда.

Бул тууралуу шаршембиде The Wall Street Journal гезити сүйлөшүүлөргө катышкан венесуэлалык булактарына таянуу менен жазды.

Трамптын администрациясы өткөрүп жаткан сүйлөшүүлөргө конституциялык ассамблеянын башчысы, Венесуэла парламентинин мурдагы төрагасы Диосдадо Кабельо тартылган. Ал буга чейин маңзат аткезчилигине шектелип, Американын санкциясына илинген. Сүйлөшүүлөр өлкөдөгү саясий каатчылыкты тынчтык жол менен чечүү үчүн өткөрүлүүдө.

Кабельо жана башкалар өлкөдө калып, коопсуздугу үчүн тынчсызданбоо максатында америка жана эл аралык кепилдиктерге ээ болууну көздөшүүдө.

АКШ администрациясы Мадуронун айланасындагы кишилер менен сүйлөшүп баштаганын шейшембиде Дональд Трамп өзү кыйыткан. Кийинчерээк бул маалыматты Николас Мадуро да тастыктаган.

The Wall Street Journal гезитинин билдиришинче, Трамптын администрациясы Николас Мадурону отставкага кетирүү үчүн бул жараянга Венесуэладагы башка бийлик борборлорун да тартууга аракет жасоодо.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...