Жыргалбек Саматов депутаттык мандаттан ажырады
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Саматовду мандатынан ажыратты. БШКнын Укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Алгиз Шүкүраливдин айтымында, Саматов орус жарандыгын 2001-жылы Казань шаарында алган. Кийин ал атуулдуктан баш тартуу боюнча арыз жазган эмес.
Саматов буга чейин орус жарандыгынан баш тарткандыгы боюнча документтерди көрсөткөн. Аны Шүкүралиев күмөндүү деп атады. Анткени орусиялык ыйгарым укуктуу органдар тарабынан документ тастыкталган эмес.
Боршайкомдун отурумуна катышкан Жыргалбек Саматов бул маалыматты четке кагып, эч качан орус жарандыгын албаганын билдирди. Жарандык тууралуу документтерди Саматов жасалма деп атады. Экс-депутаттын сөзүнө ынанбаган БШК анын мандатын алып койду.
Жыргалбек Саматов биринчи жолу 2010-жылы Жогорку Кеңешке “Ата-Журт” партиясынын тизмеси менен келген. Анын кош жарандыгы тууралуу маселе ошондо эле көтөрүлгөн, бирок анда мандаттан ажыратылган эмес.
Саматов парламентке 2015-жылы “Республика Ата-Журт” партиясынан депутат болгон. Фракция лидери Өмүрбек Бабанов ал өзүнө бөлүнгөн аймактан тиешелүү добуш албай калганы үчүн алдын ала шерттешүү убадасы боюнча мандатын тапшырууну талап кылган. Саматов андан баш тарткандыктан анын орус жарандыгы тууралуу маселеси кайра көтөрүлгөн. Борбордук шайлоо комиссиясы буга чейин аны эки жолу мандаттан ажыраткан. Бирок соттор Саматовдун пайдасына чечим чыгарып келген.
Досторуң менен бөлүш
Коментарии FACEBOOK:
Тектеш жаңылыктар
Тажикстан БУУда адам укуктары боюнча отчет берет
6-майда Женевада БУУнун адам укуктары боюнча жыйыны өтөт. Анда Тажикстандын өкмөттүк делегациясы...
УКУК 2016-05-02 11:39
Египетте оппозициялык эки журналист камалды
Египеттин полициясы башкалаа Каирдин борборундагы журналисттер ассоциациясынын имаратына кирип,...
УКУК 2016-05-02 22:10
Банк экстремизмге шектелген жарандын 17,5 миң долларын камакка алды
Кара-Суу шаарынын 33 жаштагы тургуну Ш.Бозорбоев KICB банкындагы эсебинен 17,5 миң долларын 4 айдан...
УКУК 2016-05-02 22:38
Казакстан: жарандык позиция үчүн эң ири айып пул
Ак-Төбө шаарынын соту жарандык активист Алима Абдированы митинг уюштуруп, коомдук тартипти...
УКУК 2016-05-02 22:53
Казакстан: “жер митинги” боюнча кезектеги ири айып пул
Батыш Казакстан облусунун Уральск шаарынын 50 жаштагы тургуну Бауыржан Алипкалиевке айып пул салынды....
УКУК 2016-05-04 16:03
Тажикстанда тыюу салынган партиянын жактоочусу соттолууда
Дүйшөнбүдө Бузургмехр Ёров жана Нуриддин Махкамовго байланыштуу ачык соттук жараян...
УКУК 2016-05-04 16:16
Тажикстан: Туугандардын никесин сот жокко чыгарды
Тажикстанда сот бири-бирине тууганчылык жайы бар жаштарды ажыраштыруу жөнүндө чечим кабыл...
УКУК 2016-05-04 16:20