KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков Ак-Талаа районундагы ирригациялык долбоорлор менен таанышты

Президент Сооронбай Жээнбеков Ак-Талаа районундагы ирригациялык долбоорлор менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-августта Нарын облусуна иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районундагы ирригациялык долбоорлор менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев Ала-Буга, Жаман-Даван жана Куртка дарыяларындагы суу объектилерин куруу жана калыбына келтирүү боюнча пландар тууралуу айтып берди.

Суткалык жөнгө салуучу бассейндерди куруу жана азыр пайдаланылып жаткан ирригациялык каналдарды калыбына келтирүү каралууда. Ар бир дарыя боюнча өзүнчө техникалык-экономикалык негиздемелер даярдалып, аларды каржылоого Европа реклонструкциялоо жана өнүктүрүү банкы сыяктуу эл аралык финансы институттарын тартуунун үстүндө иштер жүрүүдө.

Долбоорлор 2020-жылдан тартып ишке ашырыла баштайт. Алардын аякташы менен Ак-Талаа районунда кошумча 4000 гектардан ашуун жерге сугат суу жетип, пайдаланылып жаткан сугат жерлерди сугарууну жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мамлекет башчысы ирригация тармактарын модернизациялоо жана кеңейтүү регионалдык өнүктүрүү саясатынын ажырагыс бөлүгү экенин белгиледи. Ал дыйкандарды сугат суу менен камсыздоо айыл чарбасын жана региондорду комплекстүү өнүктүрүүнүн ачкычтарынын бири, дыйкан эмгегинин негизи экенин баса белгиледи.

Тийиштүү мамлекеттик органдарга өнүгүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдү тартуу менен бул маселени чечүүнү тездетүү сунушталды.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41