KELECHEK
rek

Трамп Орусиянын "Чоң жетиге" кайтышын жөндүү деп эсептейт

Трамп Орусиянын

АКШ президенти Дональд Трамп Орусиянын “Чоң жетиге” (G7) кайтышын жөндүү деп эсептейт. Ага Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, АКШ, Франция жана Жапония кирет.

CNN телеканалы өз булактарына таянуу менен Трамп менен Франция президенти Эммануэль Макрон телефондо сүйлөшүү учурунда 2020-жылы өтө турган “Чоң жетинин” саммитине Орусияны чакырууну эп көрүшкөн. Буга чейин Макрон Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуу учурунда эгер Орусия украин кризисин чечүү үчүн керектүү кадамдарга барса, Москваны сүйлөшүү үчүн күтө турушканын билдирген.

24-26-август аралыгында Францияда G7 саммити өтөт, ага Орусия чакырылган эмес. 2014-жылы Крым аннексиялангандан кийин Орусиянын топтогу мүчөлүгү токтотулган. Ал кезде ал “Чоң сегиз” деп аталган.

"Мен бул Чоң сегиз болушу керек деп ойлойм. Себеби биз талкуулаган маселелердин көбү Орусияга тиешелүү, – деди Трамп.

2018-жылы июнда дагы Трамп Москвага Канадада өткөн G7 саммитине катышууну сунуштаган. Бирок Кемлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия башка форматтарга көңүл буруп жатканын айткан. Анткен менен эки күндөн кийин Владимир Путин Орусия бул топтун мүчөлөрүн Москвада кабыл алууга даяр экенин билдирген.

Орусия “Чоң жети” тобуна 1997-жылы АКШ президенти Билл Клинтон жана Улуу Британия премьер-министри Тони Блэрдин чакыруусу менен кошулган

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52