KELECHEK
rek

Тажикстанда «Азия-плюс» сайты бөгөттөлдү

Тажикстанда «Азия-плюс» сайты бөгөттөлдү

Тажикстанда «Азия-плюс» порталынын (news.tj жана asiaplus.tj) сайттары 19-августтан бери бөгөттөлдү. Окурмандар дүйшөмбүдөн тарта VPN жана прокси-сервер аркылуу да кире албай калышты.

Тажикстан Байланыш кызматынын орун басары Илхомжон Атоев бул маселеге мекеменин тиешеси жок экенин билдирди. Анын айтымында, Роскомнадзор «Азия плюс» порталын Орусия аймагындагы тыюу салынган сайттардын тизмесине киргизгенден кийин анын сайттары ачылбай калган:

– Баарын бизге түртө салуу туура эмес. «Азия-плюс» менен маселебиз жок.

26-июлдан тарта Роскомнадзор «Азия плюс» (news.tj) маалымат порталын Орусия аймагындагы тыюу салыган сайттардын тизмесине киргизген.

«Биз тыюу салуунун себебин билели дегенбиз, анан кокустан эле кызматкерлерибиздин биринин почтасынан Роскомнадзордун катын таап алдык. Анда былтыр Хожентте өзүн-өзү өлтүргөн аял тууралуу жарыяланган маалыматка карата эскертүү берилген», - деди «Азия плюстун» редактору Зебо Тажибаева.

Тажибаеванын айтымында, сайтта Согди облусунун жашоочусу Сырдарыяга боюн таштап, өз жанын кыйганы айтылган. Бирок Роскомнадзор маалыматтан суицидди пропагандалоо элементин тапканын билдирген.

– Роскомнадзордун эскертүүсүнөн кийин маалыматты ошол замат өчүргөнбүз, бирок сайт блокко түшүп калган. Бизге убакыт беришкен жок. Сайтка тыюу салуу ушул жаңылыкка байланыштуу болсо керек деп ойлоп жатабыз. Бирок башка себептер дагы болушу мүмкүн.

Орусиялык интернет-провайдерлер «Азия плюс» сайтынын колдонуучуларына Роскомнадзордун буйругу менен бул порталга чектөө киргизилгенин тастыкташкан.

Учурда «Азия-Плюс» маалымат порталы Тажикстандагы алдыңкы сайттардын бири. «Азия-Плюстун» алгачкы бюллетени 1996-жылы чыккан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...