KELECHEK
rek

Трамп Гренландиядагы «мейманканасынын» сүрөтүн жарыялады

Трамп Гренландиядагы «мейманканасынын» сүрөтүн жарыялады

АКШ президенти Дональд Трамп “Твиттерге” Гренландиянын бир бөлүгү катары сүрөттөлгөн калктуу конуштун фонуна Trump деген жазуусу бар жаркыраган көп кабаттуу имараттын сүрөтүн жайгаштырды.

Трамп тамаша иретинде: “Мен Гренландияга бул нерсени жасабоого убада берем!” деп жазды.

17-августта АКШнын президенти Дональд Трамп Вашингтон чынында эле Даниядан Гренландияны сатып алууга кызыгып жатканын ырастап, бирок бул азыр приоритеттүү маселе эмес экенин белгилеген.

Даниянын премьер-министри Метте Фредериксен жана Гренландиянын премьер-министри Ким Кильсен жарым автономдуу дат аймагы сатылбай турганын айтышкан.

Гренландия – Жер шарындагы эң ири арал, аймагынын көбүн муз каптап турат. Аралдын калкынын саны 56 миңге жакын. Жергиликтүү бийлик органдары ички саясий маселелерди тейлесе, тышкы саясат жана коопсуздук Копенгагендин карамагында.

Гренландияда АКШнын аскердик базасы жайгашкан.

1946-жылы Кошмо Штаттар аралды сатып алуу үчүн Данияга 100 миллион доллар сунуштаган, бирок Копенгаген баш тарткан.

Трамп кийинки аптада расмий сапар менен Данияга барары күтүлүүдө.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52