KELECHEK
rek

Нарын шаарындагы «Сүт-азык» ЖАКнын сүттү кайра иштетүүчү ишканасы ачылды

Нарын шаарындагы «Сүт-азык» ЖАКнын сүттү кайра иштетүүчү ишканасы ачылды

«Аймактарды өнүктүрүү саясаты биринчи кезекте өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүүгө багытталган, анын ичинде кайра иштетүү өнөр жайынын дагы», — деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-августта, Нарын шаарындагы «Сүт-азык» ЖАКнын сүттү кайра иштетүүчү ишканасынын ачылышында.

Мамлекет башчысы мындай ишканалар облустардын социалдык-экономикалык абалына жакшы таасир тийгизерин, жаңы жумушчу орундары жана жергиликтүү дыйкандардын продукциясын өткөрүү пункттары түзүлөрүн канааттануу менен белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков акыркы эки жылдын ичинде Президенттин Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында аймактарды өнүктүрүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын, айыл чарба товарларын өндүрүүчүлөрү үчүн жеңилдиктер берилип жатканын эске салды.

Мамлекет башчысы Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фондунун 80 пайызынан ашыгы айыл жерине, анын ичинен 50 пайыздан ашыгы айыл чарба тармагына багытталып жатканын белгиледи. Ошондой эле «Айыл Банк» ААК, «РСК Банк» ААК жана «Кепилдик фонд» ААКнын ишмердигинин негизги басымы аймактарды жана айыл чарбасын каржылоого жасалып жатат.

«Өзүңөр билгендей, Кепилдик фондунун ресурстарынын көп бөлүгү аймактык долбоорлорго багытталууда. Айыл Банк жана РСК Банк дагы облустарды жана айыл чарбасын каржылоонун үлүшүн жогорулатышты. Бүгүнкү күндө 60% ашуун каражаттар бул максаттарга жумшалууда. Бул биринчи кезекте жумушчу орундардын жоктугунан болуп жаткан миграцияны кыскартууга, калктын кетишин азайтууга багытталган. Ал үчүн жергиликтүү тургундар өз продукциясын сатууга мүмкүнчүлүгү болгондой айыл өндүрүүчүлөрүн колдоо керек», — деп айтты Президент.

Мамлекет башчысы айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо улантылат деп ишендирди. Ал ушул сыяктуу сүттү кайра иштетүүчү ишканаларды Талас, Ош жана Нарын облустарында ачып, эми Ысык-Көл облусунда ачканы жаткан «Үмүт и Ко» компаниясына ыраазычылык билдирди.

«Биз кайра иштетүүчү өнөр жайына көп көңүл буруп жатабыз, биздин айылдарда чийки зат жетиштүү. Бул сыяктуу ишканалардын ачылышы менен чет жакка чыкпастан, өз үйүнөн иштөөгө мүмкүнчүлүк пайда болууда. Ошондой эле бул өнүгүүгө жана мал чарбачылыгына заманбап технологияларды тартууга дем берет», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков. 

Нарын шаарындагы «Сүт-азык» ЖАКынын ишке киришүүсүнө 100 млн сом сарпталган, бүгүнкү күндө суткасына 3 тонна сүт кайра иштетилет. Анын жалпы өндүрүш кубаттуулугу менен суткасына 150 тоннага чейин сүттү кайра иштетүүгө мүмкүн.

Президент Сооронбай Жээнбековго маалымдашкандай, завод Нарын облусундагы сүт сатуучу эң ири ишкана болот, чийки зат жергиликтүү фермерлерден 18 сомдон 25 сомго чейин сатып алынат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41