KELECHEK

Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду үстүбуздөгү жылдын 7 айында 2,7 млрд сомго аймактык долбоорлорду каржылады

Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду үстүбуздөгү жылдын 7 айында 2,7 млрд сомго аймактык долбоорлорду каржылады

2019-жылдын 7 айында Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фонду 4,4 млрд сомго долбоорлорду каржылады, анын ичинен 2,7 млрд сом аймактарга каржыланды. 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 2 эсе көбөйгөнү байкалууда. Бул тууралуу 20-августта, Кыргыз-Россия Өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев билдирди.

Ал баса белгилегендей, каржылоонун көп бөлүгү аймактарга багытталууда, аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында Талас, Нарын жана Баткен облустарында стартап-каржылоо боюнча өзүнчө программалар пилоттук тартипте ишке киргизилди.

«Мындан тышкары, аймактардын баарында жаңы баштаган ишкерлер үчүн стартап долбоорлорду каржылоо программасы башталды. Бул программа өзүнө окутууну дагы камтыйт, окутуу иш-чаралары облустарда бүгүнтөн башталды. Жалпысынан программа 2019-жылдын август-сентябрында ишке ашырылат», — деп айтты Эркин Асрандиев.

Мындан тышкары, Эркин Асрандиев каржылоо шарттарын жеңилдетүүнүн максатында кичи жана орто бизнестин субъектилерине пилоттук тартипте стартап-каржылоо боюнча программаларды киргизүү жана приоритеттүү багыттар боюнча сом менен берилүүчү насыялардын пайыздык чендерин 9 пайызга чейин төмөндөтүү чечими кабыл алынганын баса белгиледи. Анын айтымында, бул чара жалпысынан өлкөнүн ишкерлери үчүн насыялардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртышы керек.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Өзбекстанда күйүүчү май өндүрүшү азайды

Өзбекстанда күйүүчү май өндүрүшү азайды

Өзбекстанда былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл бензин өндүрүшү 11,1 пайызга азайды.

Өлкөнүн...

ЭКОНОМИКА 2019-09-20  17:04

Түркмөнстан өз ара соода кылууда манат жана сом менен эсептешүүнү...

Түркмөнстан өз ара соода кылууда манат жана сом менен эсептешүүнү...

Түркмөнстандын Өнөр жайчылар жана ишкерлер бирлигинин төрагасы Александр...

ЭКОНОМИКА 2019-09-18  19:00

Мамлекеттик ипотекалык компаниясы 5 млрд сомго жакын суммага 4 миңден...

Мамлекеттик ипотекалык компаниясы 5 млрд сомго жакын суммага 4 миңден...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 12-сентябрда, «Мамлекеттик ипотекалык...

ЭКОНОМИКА 2019-09-14  01:33

Өзбекстан атом энергиясын тынч максатта пайдаланат

Өзбекстан атом энергиясын тынч максатта пайдаланат

Өзбекстанда "Атом энергиясын тынч...

ЭКОНОМИКА 2019-09-12  20:06

Казакстан: Кытай менен биргелешкен 15 долбоор иштеп жатат

Казакстан: Кытай менен биргелешкен 15 долбоор иштеп жатат

5-сентябрда Казакстан премьер-министринин орун басары Женис Касымбек учурда...

ЭКОНОМИКА 2019-09-06  13:33

Тажикстанда кайрадан ун кымбаттады

Тажикстанда кайрадан ун кымбаттады

Тажикстанда чет өлкөдөн...

ЭКОНОМИКА 2019-09-05  18:36