KELECHEK
rek

Трамп Си Цзиньпинге Гонконгдогу кризисти талкуулоону сунуштады

Трамп Си Цзиньпинге Гонконгдогу кризисти талкуулоону сунуштады

Шаршемби күнү кечинде АКШ президенти Дональд Трамп Кытай президенти Си Цзиньпин менен жолугуп, Гонконгдогу абалды жөнгө салуунун жолдорун талкуулоого даяр экенин билдирди.

Бул тууралуу Трамп “Твиттердеги” барагына жазды. Америка президенти кийинки билдирүүсүндө Гонконгго карата “адамкерчиликтүү” мамиле жасоо – АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода талашын чечүүнүн болжолдуу шарты экени айтылат.

https://pbs.twimg.com/profile_images/874276197357596672/kUuht00m_normal.jpg

Donald J. Trump

✔@realDonaldTrump

I know President Xi of China very well. He is a great leader who very much has the respect of his people. He is also a good man in a “tough business.” I have ZERO doubt that if President Xi wants to quickly and humanely solve the Hong Kong problem, he can do it. Personal meeting?

87,6 тыс.

04:59 - 15 авг. 2019 г.

Информация о рекламе в Твиттере и конфиденциальность

45,6 тыс. человек(а) говорят об этом

Бул сунуш Кытайдын аскер бөлүктөрү Гонконг менен чек арада топтолгон маалга туш келди.

Кытайдын атайын административдик районунун миңдеген жашоочулары он жумадан бери кытай бийлигине каршы нааразылык өткөрүшүүдө. Гонконгдуктар кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбооруна макул эмес.

Мамлекеттик департамент АКШ Кытайдын куралдуу күчтөрүнүн Гонконгго жакындоосуна тынчсыздануусун билдирди. Шаршембиде спутниктен алынган сүрөттөр жарыяланган, анда көптөгөн аскер техникалары Гонконг менен чектеш Шэньчжэнь шаарында топтолуп турганын көрүүгө болот.

Reuters агенттиги Кытайдын Global Times басылмасына шилтеме берүү менен Кытайдын Элдик куралдуу полициясы ири масштабдуу машыгуу үчүн Шэньчжэнге чогулганын жазды.

Бул арада Демократиялык жана Республикалык партиянын айрым мыйзам чыгаруучулары Трампты Кытайга карата катуу позицияны ээлөөгө чакырышууда.

АКШ бардык тараптарды кыйноодон алыс болууга үндөдү. Вашингтондун пикиринде, Гонконг өкмөтү “сөз эркиндиги менен тынч жыйындарды” сактап, Пекин Гонконгго жогорку деңгээлдеги автономия берүү милдеттемесин аткарышы керек.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Евробиримдиктин лидерлери жаңы британ премьерин уюмдан чыгууну...

Мындай кат менен 13-июлда Британиянын жаңы премьер-министри Тереза Мэйге...

ДҮЙНӨ 2016-07-15  18:14

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom Каримовага байланыштуу жаңжалдан кийин эки топ-менеджерин...

VimpelCom акционерлери компаниянын аброюна шек келтирди деген айып менен норвегиялык Telenor Group түзүмүнүн...

ДҮЙНӨ 2016-05-02  23:03

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

Мистура менен Лавров Сириядагы кырдаалды талкуулашат

БУУнун Сирия боюнча өкүлү бүгүн Сириядагы тынчтык жараяны менен убактылуу жарашуу режимин калыбына...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  15:45

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

НАТО Балтика өлкөлөрүнө аскер жайгаштыруу маселесин талкуулоодо

АКШ коргоо министринин айтымында, бул күчтөр “орусиялык агрессияга” бөгөт коюу максатында...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:06

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Трамп ички шайлоодо чечүүчү жеңишти камсыздады

Республикачы, миллиардер Дональд Трамп Индиана штатында жеңишке жетишти. Бул АКШ президенттигине ат...

ДҮЙНӨ 2016-05-04  16:46

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

АКШ авиасоккуларында ИМ теоррордук тобунун жоочулары тындым болду

Иракта америкалык авиасоккудан улам “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун алдынкы...

ДҮЙНӨ 2016-05-05  16:52