KELECHEK
rek

Президент Сооронбай Жээнбеков «Бишкек» Эркин экономикалык аймагына барды

Президент Сооронбай Жээнбеков «Бишкек» Эркин экономикалык аймагына барды

«Атамекендик товарларды чет өлкөлөрдүн рынокторуна чыгаруу — маморгандар менен бизнестин биргелешкен милдети», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 15-августта «Бишкек» Эркин экономикалык аймагына барып, экспортко багыт алган бир катар атамекендик ишканалардын иши менен таанышканда.

Мамлекет башчысы өндүрүштүк процессти, чыгарылган пролукцияларды көрүп, алардын жетекчилигинин көйгөйлөрүн укту.

«Салкын» ЖЧКсынын байпак өндүрүү боюнча ишканасынын жетекчиси бул ишканага 20 миллион сомдон ашык инвестиция тартылганын айтты. Чыгарылган продукциялардын көп бөлүгү Казакстандын жана Россиянын базарларына жөнөтүлөт. 200 адам жумуш менен камсыз болгон.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле желим, боёкторду, курулуш материалдарын жана жалаяк шымдарды чыгарган «Пейванд» ЖЧКсынын иши менен да таанышты.  Мында 18 адам иштейт, продукциялар алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө — Россияга, Казакстанга, Өзбекстанга, Тажикстанга жөнөтүлөт.

Андан соң Президент айыл тургундарын таза суу менен камсыз кылууда пайдаланылуучу буюмдарды, материалдарды жана түтүктөрдү өндүрүүчү «Корона» ЖЧКсынын ишканасына барды. Ишканада 15 адам эмгектенет. 2019-жылдын биринчи жарымында чыгарылган продукциялардын жалпы наркы 1 миллион сомдон ашкан.

Мамлекет башчысы бул ишкананын социалдык багыттагы ишкана экенин канааттануу менен белгилеп, өндүрүлгөн продукциянын сапаты өлкөнүн региондорун таза суу менен камсыз кылуунун сапатына тикелей таасир эте турганына көңүл бурду.

Президент Сооронбай Жээнбеков ишкер менен маектешүүнүнү жүрүшүндө инвестицияларды, заманбап технологияларды тартуунун жана жумуш орундарын түзүүнүн маанилүү экенин дагы бир жолу белгиледи.

Ал ошондой эле калктын турмуш деңгээлинин жогорулашына өбөлгө болуучу экспортко багыт алган ишканаларды көбөйтүү, өндүрүштү өнүктүрүү, заманбап транспорттук, өндүрүштүк жана социалдык инфраструктураны түзүү зарылдыгын баса белгиледи.

Ишкерлер тарабынан айтылган бардык көйгөлүү маселелер боюнча мамлекеттик органдарга тийиштүү сунуштар бериле турганы белгиленди.

Ишканаларды кыдырууга Президенттин кеңешчиси Олег Панкратов, экономика министри Санжар Муканбетов, Кыргыз-Россиялык өнүктүрүү фондунун башкармасынын төрагасы Эркин Асрандиев катышты.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12