KELECHEK
rek

Өкмөт мындан ары кен иштетүүдөгү лицензияны көзөмөлсүз берүүгө жол бербейт

Өкмөт мындан ары кен иштетүүдөгү лицензияны көзөмөлсүз берүүгө жол бербейт

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусунун Чаткал районуна жасаган жумуш сапарынын алкагында Терек, Тереккан жана Перевальное кендеринде иш алып барган тоо кен ишканасы менен таанышты.

Ишкананын кубаттуулугу: жылына 100 миң тонна кен өндүрөт. Учурда алтын жана күмүштөн турган флотациянын концентратын чыгарууда.

«Эти Бакыр Терексай» ишканасында 350 адам иштейт. Анын 96% жергиликтүү эл түзөт.

Компаниянын жетекчилигинин маалыматына караганда, ушул жылдын ноябрь айында алтын казган фабриканы куруу иштери башталат. Ишканадан 7 млрд сом салык түшөт. Анын 2 млрд сому жергиликтүү бюджетке которулат. Фабриканы куруу үчүн 850, ал эми өндүрүштү ишке киргизүүдө 600дөн ашык иш оруну түзүлөт. Компаниянын жетекчилиги иш процесстеги айрым маселелерди чечүүгө жардам берүүнү өтүндү. Бул экспертизалык иш процессин тездетүү, аны жыйынтыктоо, энергия менен камсыздоо, жол куруудагы жердин башын ачуу сындуу маселелер.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жаңы фабриканы курууга жер бөлүп берүү маселеси чечилгенин белгиледи.

«Компания 100 млн доллар инвестиция салууну жана 700 жумуш орунун түзүүнү, анын 90 пайызын жергиликтүү элден түзүүнү пландоодо. Мен жергиликтүү эл техникалык багыттагы адистикти өздөштүрүп, окуу керектигин белгилегим келет. Жаңы фабрика иштеп баштаганда дагы 350 жумуш оруну түзүлөт», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр – Өкмөт инвесторлорго айлана-чөйрөнү коргоо талабын коюуда, – деп белгиледи.

«Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзүүдөгү негизги шарт: биздин мөңгүлөрдү сактоо, жаратылышка аяр мамиле кылуу, бардык экологиялык талаптарды сактоо», –  деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Кен иштетүүгө лицензия берүүнүн натыйжасы тууралуу жергиликтүү элдин берген суроолоруна Премьер-министр жооп берип жатып, учурда Өкмөт уруксатты баш аламан берген системаны толугу менен четке чыгарып, башка принцип менен иш алып барууда, -деди.

«Биз, тилекке каршы, лицензия берүүдөгү буга чейин түзүлүп калган шарттарды аргасыздан аткарып келгенбиз. Эми мындан ары көзөмөлсүз берүүгө жол берилбейт. Буга чейин компаниянын тарыхына анализ жасалбай, алардын иш планын билбей туруп, уруксат кагазы берилип келген.  Мамлекеттик органдар жергиликтүү эл менен иштешүү маселесин инвесторлорго оодарып, өздөрү четте калчу. Ал эми жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары формалдуу иштер менен гана алектенип келген. Бул келишпестикке жана түшүнбөөчүлүккө алып келчү. Эми биз бул иштерди тийиштүү деңгээлге гана чыгарбастан, мамлекеттин кен иштеткен компаниялардагы милдеттүү үлүшүн бекитип бердик. Бул эффективдүү кызматташтыкты, жергиликтүү эл менен туруктуу мамиле түзүүнү шарттайт жана бардык техникалык, экологиялык талаптарды сактоодогу көзөмөлдү күчөтөт. Мындай жол биздин жаратылыш байлыктарыбызды экономиканын жана элдин кызыкчылыгы үчүн рационалдуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Маалымдама: «Эти Бакыр Терексай» ЖЧКсы биргелешкен ишкана. Анда «Кыргызалтын» ААКнын 25 пайыз, Түркиянын «Эти Бакыр» компаниясынын 25% үлүшү бар.

Терексай кени – өлкөдөгү тоо кен тармагында мурдатан иштеген ишканалардын бири. Ал Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терексай кыштагында жайгашкан. 

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

Жоолукчандардын жоругу талкууга жем таштады

 

2-апрелде облустук казыят Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жыйындар залында “Салттуу...

Аймак 2016-04-27  09:56

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Ноокен районунун Сакалды айылында милициянын генерал-майору Э....

Бүгүн, 6-май күнү Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Масы айыл өкмөтүндөгү Сакалды айылында жайгашкан...

Аймак 2016-05-06  17:07

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткалда мектепке көмөкчү чарба уюштуруу үчүн марафон өттү

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинде  23-майда аталган мектепке көмөкчү...

Аймак 2016-05-23  20:40

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы А.Токбаева Чаткалда болду

КР Жогорку Сотунун төрайымы Айнаш Токбаева алыскы райондордогу райондук соттордун...

Аймак 2016-05-30  13:59

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарынын тургуну атасынан калган куралды мыйзамсыз алып...

Таш-Көмүр шаарында “Арсенал” аталышындагы  ыкчам иш-аракеттердин негизинде Таш-Көмүр шаарынын...

Аймак 2016-06-13  15:51

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Ноокен районунда “Хизбут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунун...

Жалал-Абад ОИИБгы, УКМК жана облустук казыят менен биргеликте, 11-июнь күнү  Жалал-Абад облусунун...

Аймак 2016-06-13  16:09

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

Июнь окуясында курман болгон маркум милициянын майору...

"Тарых жана маданият" жылына карата Базар-Коргон РИИБмү тарабынан "Мекеним менин Кыргызстан"...

Аймак 2016-06-14  14:41