KELECHEK
rek

Түркмөн президенти эл алдына чыгып, Орусиядан лимузиндерди сатып алды

Түркмөн президенти эл алдына чыгып, Орусиядан лимузиндерди сатып алды

12-августта Түркмөнстанда Каспий экономикалык форуму башталды. Гурбангулы Бердымухаммедов «ал көз жумду же ооруп комага түшүп калды» деген сөздөр айтылып келе жаткандан бери биринчи жолу эл алдына чыгып, сөз сүйлөдү.

Форумга Орусия, Азербайжан, Казакстан жана Иран катышууда.

Түркмөнстан президенти Орусия өндүрүшүнөн чыккан «Аурус» лимузиндерин сатып алуу боюнча келишимге кол койду. Бул машинелерди чыгаруу үчүн Орусия акыркы жети жылда бюджеттен 200 миллион доллар короткон.

«Аурус» биринчи жолу былтыр Владимир Путиндин инаугурациясында колдонулган, андан кийин бул машинелерди 280 миң долларга сатууну чечишкен. Форумда Гурбангулы Бердымухамедовго ак түстөгү лимузинди көрсөтүштү. Түркмөн лидери ага автоунаанын түсү жакканын айтып, баасы да жеткиликтүү экенин билдирди.

​ Гурбангулы Бердымухамедов өткөн айдын башынан бери коомчулукка чыкпай калган. Ошондон улам «түркмөн президенти көз жумду же катуу ооруп жатат» деген маалыматтар чыккан. Түркмөнстандык дипломаттар бул сөздөрдү жокко чыгарышкан. Мамлекеттик телеканалдар түркмөн президенти 15-августка чейин эмгек өргүүсүндө экенин кабарлашкан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...