KELECHEK
rek

Казакстан кызылча дартынын өөрчүшү боюнча дүйнөдө бешинчи орунда турат

Казакстан кызылча дартынын өөрчүшү боюнча дүйнөдө бешинчи орунда турат

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 13-августта кызылча дартынын дүйнөдөгү абалы тууралуу жарым жылдык баяндамасын жарыялады. Маалыматка караганда, бул дарт Казакстан Ангола, Камерун, Чад, Нигерия, Филиппин, Түштүк Судан, Судан Таиландда өөрчүп жатат.

2019-жылдын алгачкы жарым жылдыгында кызылча менен ооругандардын саны былтыркы жылдын ушул мезгилине караганда үч эсе өсүп, 2006-жылдан берки рекорддук деңгээлге жеткен. Бүткүл дуйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсеби боюнча өткөн алты айда дүйнөдө кызылча менен ооруган кишилердин саны 364 миңден ашкан.

Баяндамада Африка континентинде кызылча менен ооругандар он эсеге көбөйүп, кооптуу кырдаал жаралганы айтылат.

Уюмдун быйыл апрелде жарыялаган малыматы боюнча 2019-жылдын алгачкы үч айында Казакстанда кызылча менен ооруган 3414 адам каттоодон өткөн. Муну менен бул өлкө аталган дарттын көрсөткүчү боюнча дүйнө жүзүндө бешинчи орунда турат.

Бүткүл дуйнөлүк саламаттык сактоо уюму дарттын өөрчүшүнө вакцина болгон күндө дагы эмдөөдөн баш тарткандардын көбөйүп жатышы себеп болушу ыктымал экенин эскертет.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Атамбаевдин абалы дурус, президент кыска убакытка эмгек өргүү алды

Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов өлкө башчы Алмазбек...

ДЕН СООЛУК 2016-09-20  08:36

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Кыргызстанда медициналык кадрлар жетишпейт

Саламаттыкты сактоо министрлиги кошумча айлык төлөө менен жаш кадрларды аймактарга тартууга ниет...

ДЕН СООЛУК 2016-05-04  16:35

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарында эхинококкозго каршы күрөшүү максатында флешмоб...

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базарында эхинококкозду алдын алуу максатында элдерге түшүндүрүү иштери...

ДЕН СООЛУК 2016-05-13  05:53

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Дарыгерлер Олимпиаданы Рио-де-Жанейродо өткөрбөөгө чакырууда

Жүздөн ашуун кадыр-барктуу дарыгерлер Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (БССУ) жетекчисине...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:06

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстанда ондогон мектеп окуучусу ууланды

Тажикстан Саламаттыкты сактоо министрлиги Шамсиддин Шохин районунун Хожагалтон кыштагынын 50дөн ашык...

ДЕН СООЛУК 2016-05-30  16:24

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Тажикстан: окуучулар розанын жытынан улам эстен танышкан

Вахдат шаарынын прокуратурасы Суфиён кыштагынын №104 мектебинин 11 окуучусу розанын жытынан эстен...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  02:22

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Президент А.Атамбаев балдар онкологиясы жана гематологиясы бөлүмүнө 5...

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда  Улуттук онкология...

ДЕН СООЛУК 2016-06-01  03:38