KELECHEK
rek

Ташкенттеги жатак абактан соттолуучу качып кетти

Ташкенттеги жатак абактан соттолуучу качып кетти

Болжол менен бир ай мурун Ташкент шаарындагы №51 жатак абактан 43 жаштагы соттолуучусу Олимжон Абдуллаев качып кеткен. Бул тууралуу маалымат эми гана ачыкка чыкты.

Ага издөө жарыялаган. Жазаларды аткаруу башкы башкармалыгынын атын атагысы келбеген кызматкери билдиргендей, ал “атайлап киши өлтүрүү” айыбы менен жыйырма жылга кесилген.

–15 жыл түрмөдө отургандан кийин аны жатак абакка которушкан. Дагы беш жылдан кийин толугу менен акталмак. Бирок тийиштүү кишилер менен кутумга барып, паспорт алып, жатак абактан качып кеткен.

Жатак абактагы соттолуучулардын биринин айтымында, Олимжон Абдуллаев түзөтүү мекемесинде темир ширетүүчү болуп иштеген.

– Олимжон жакшы уста эле. Ал темир дарбазаларды жасачу. Аны ай сайын ушундай дарбазаларды жасоого мажбурлашкан. Бирок ширетүү жумуштарына байланыштуу Олимжандын көзү ооруй баштаган. Мындан улам ал качууну чечкен. Ал мага Telegram аркылуу мындай мамиледен тажап, качып кеткенин жазды. Мен ага ишендим. Себеби ал 15 жыл түрмөдө отурган. Мөөнөтүнөн мурун шарттуу түрдө эркиндикке чыкмак. Болгону байкуштун сабыры түгөндү.

Маалыматтарга караганда, учурда бул факт боюнча №51 жатак абакта кызматтык териштирүү жүргүзүлүүдө.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаарында уурулук жасап эч жерде иштебеген Аксынын жараны...

Таш-Көмүр шаардык милиция кызматкерлери тарабынан кылмыштарды жасаган Аксы районунун 24 жаштагы...

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Ирактагы жардыруулардан 30дан ашуун өмүр кыйылды

Жекшембиде Ирактын түндүгүндөгү Самава шаарында кош жардыруудан 32 адам мерт болуп, 70тен ашуун киши...

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Тажикстан: телефон аркылуу акча өөнөгөн кыз 13 жылга кесилиши мүмкүн

Хатлон облусунун Пянж районунун укук коргоо органдары 25 жаштагы Икболмох Лутфуллозодага каршы...

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Орусияда массалык адам өлтүрүүгө шектелгендер камалды

Самара облусундагы Сызрань райондук соту ИИМ аймактык башкы башкармалыгынын штаб башчысынын орун...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

Министр К.Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги...

КР Өзгөчө кырдаал министри Кубатбек Боронов Сузак районундагы жер көчкү болгон жердеги 76 турак...

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

“Домодедово” аэропортунда Тажикстандын жараны камакка алынды

Орусиянын ИИМи орусиялык тартип сакчысынын үй-бүлөсүн өлтүргөн деп шектелген адам Дүйшөмбү-Москва...

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Ондогон адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды

Өзбекстанда онго жакын адам GM Өзбекстан автоконцернинин иши боюнча кармалды. Алардын арасында...