KELECHEK
rek

Президент: Атамбаев мыйзам талаптарын одоно бузду

Президент: Атамбаев мыйзам талаптарын одоно бузду

Сооронбай Жээнбеков.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн 8-августта Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрдү. Мамлекет башчысы “Алмазбек Атамбаев Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарынын талаптарын одоно түрдө четке кагып, тергөө иштерин мыйзам алкагында аткарууга катуу куралчан каршылык көрсөттү” деп билдирди.

Мамлекет башчысы Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө кайрылып, “тез арада чара көрүү зарылдыгына байланыштуу мыйзамдуулукту, өлкөдөгү тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чараларды аткаруу” керектигин белгиледи.

УКМК төрагасы Орозбек Опумбаев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат беришти. Жыйындын жыйынтыгында тийиштүү чечим кабыл алынганы айтылды.

7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калды. Ал учурда Кой-Таштагы үйүндө экени айтылууда.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, эртең мененки саат 10:30га карата Кой-Таштагы окуяда жабыркап, ооруканага кайрылгандардын саны 52ге жетти. Дарыгерлер Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкуловдун абалы оор экенин айтып жатышат. Жалпы кайрылгандардын 20сы үйүндө дарыланып жатат.

Күч түзүмдөрүнүн бир өкүлү каза тапты.

"Азаттык" үналгысы.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Жогорку Сот Аскаровдун ишин кайра карайт

Укук коргоочулар Жогорку Сот бул ирет Азимжан Аскаровду актайт деген үмүттө болушууда. Юристтер...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:55

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы...

CАЯСАТ 2016-04-27  09:59

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Кыргызстан чек ара маселелерин чечүүгө киришти

Өлкөнүн Коргоо кеңеши  КР Президентинин катышуусу менен жабык эшик артында отурум өткөрдү. Анда чек...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:06

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Саакашвили: Одессада чагымчылдык даярдалууда

Одессанын губернатору Михаил Саакашвили 2-майга Украинанын “тышкы жана ички” душмандары...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:33

Назарбаев Казакстанда

Назарбаев Казакстанда "украин сценарийи” болуп кетпесин деп эскертет

1-майда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев улуттук биримдикке доо кетүү коркунучу бар...

CАЯСАТ 2016-05-02  11:48

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын оңчулдары исламга каршы программа кабыл алышты

Германиянын өтө оңчул саясий партиясы шайлоо алдындагы манифестин кабыл алды. Анда өлкөдө “исламга...

CАЯСАТ 2016-05-02  22:06

"Кумтор Голд Компанинин" эки жетекчиси өлкөдөн чыгып кетти

30-апрелде Кумтөрдүн эки жетекчиси Кыргызстандан чыгып кетишти. Бул тууралуу башкы прокуратура...

CАЯСАТ 2016-05-04  15:12