KELECHEK
rek

ӨКМ кызматкерлери Дача-СУдагы кырсыкта уюк телефондорду алган деп шектелүүдө

ӨКМ кызматкерлери Дача-СУдагы кырсыкта уюк телефондорду алган деп шектелүүдө

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Дача-СУ конушуна кулаган учактан уюк телефондорду алып алышкан деп Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) кызматкерлерине кылмыш ишин козгогону белгилүү болду. Бул маалыматты министрликтин басма сөз кызматы тастыктады.

Шек саналып жаткан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алты кызматкерине карата 31-июлда өлкөдөн чыгууга тыюу салынганын «Азаттыкка» Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматкери Асел Равшанбекова билдирди:

- 31-июль күнү сотко тергөөчү жана прокурор тарабынан материалдар келип түшкөн. Сот шектүүлөр боюнча ошол эле күнү чечим чыгарып, аларга эч жакка кетпөөгө милдеттендирүү бөгөт чарасы тандалды.

ӨКМдин кызматкерлерине «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган» деген айып тагылууда. Айрым массалык маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып, бул иш боюнча ӨКМдин баш-аягы 100дөй кызматкери суралганын жазып чыгышты. ИИМ тергөөнүн кызыкчылыгы деген негизде кенен маалымат берген жок.

2017-жылдын 16-январында таңкы жети жарым чамасында түркиялык компанияга таандык «Боинг-747» үлгүсүндөгү жүк ташуучу учак Бишкектин түндүк тарабындагы «Манас» аба майданынын жанына кулап түшкөн. Кырсыктын айынан аба майданынын жанындагы Дача-СУ айылынын 35 тургуну, андан тышкары учактагы төрт учкуч мерт болгон. Кырсыкта куткаруу иштерине ӨКМдин кызматкерлери да тартылган.

«Гонконг–Бишкек-Стамбул» багытында бараткан учакта 85 тоннадан ашык жүк болгону жана ал Бишкекке май куюш үчүн конуп жатканы айтылган. Учактан түшкөн жүктөрдүн арасынан гаджеттер үчүн пайдалана турган кыргыз тилиндеги нускамалар, электрондук жабдууларды колдонуу боюнча кыргызча документтер табылган.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом ТИМдин ишин сындады

Жарандык коом Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги АКШнын дүйнө өлкөлөрүндөгү адам укугунун абалы...

КООМ 2016-04-27  10:01

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Ажылыкка даярдангандар эмдөөдөн өтүп жатат

Кыргызстанда ажылыкка аттангандар эмдөөдөн...

КООМ 2016-07-15  18:08

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Сузактагы табигый кырсыктан жапа чеккен жарандарга Жалал-Абад...

Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамынын протоколдук чечиминин негизинде, Сузак районунун Алмалуу-Бак айылында...

КООМ 2016-05-02  23:28

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп Руслан...

Үстүбүздөгү жылдын  30-майында Жалал-Абад облустук журналисттер союзунун кайра шайлоо чогулушу болуп,...

КООМ 2016-05-03  00:53

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» КБси Жогорку Сотто А. Аскаровдун ишин кайрадан...

«Элим-Жерим бир» коомдук бирикмесинин мүчөлөрү 2010-жылдагы июнь окуясына күнөөлү деп сот органдары...

КООМ 2016-05-03  01:52

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстанда дин эркиндиги катуу кысымга алынууда

Тажикстан АКШнын Дүйнө өлкөлөрүндөгү дин эркиндиги боюнча комиссиясынын (USCIRF) сынына кабылган 17...

КООМ 2016-05-04  16:00

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Казакстан: митингдер адабиятчыларды кабатыр кылууда

Бир катар акын-жазуучулар Алматыдагы Казакстан Жазуучулар кошуунунун имаратынын алдында жерге...

КООМ 2016-05-04  16:13