KELECHEK

Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн короосунун бир чети өрттөнүүдө

Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн короосунун бир чети өрттөнүүдө

Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйү.

Өрт эмне себептен келип чыкканы белгисиз. Ал жерде жүргөн “Азаттыктын” кабарчылары өрттү өчүрүүгө аракеттер болуп жатканын маалымдап жатышат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатканын ырастады.

«УКМКнын атайын дайындалган күчтөрү тарабынан Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция жүрүп жатат. Операция маалында атайын багыттагы аскерлер тарабынан согуштук курал колдонулган жок. Жоокерлер желим октор менен гана жабдылган. Учурда операция уланып жатат», - деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Мурдагы президенттин Кой-Таштагы үйүнө атайын күчтөр келгенин КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева да жазган.

Атайын даярдыктагы куралчан күч кызматтары Алмазбек Атамбаев өз үйүндө адаттагыдай эле эл менен жолугушууга чыкканда келишкен.

ИИМдин Тергөө кызматы Атамбаевди 8-июлдан бери үч жолу күбө катары суракка чакырып, бирок ал баруудан баш тартып келген.

Тергөө кызматы кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошотулганына байланыштуу кылмыш ишин быйыл жыл башында кайра иликтей баштады.

Жогорку Кеңеш 27-июнда Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган. Аны утурлай башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов парламентте маалымат берип жатып мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2013-жылы Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотууга жеке өзү тапшырма бергенин айткан.

"Азаттык" үналгысы

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Өлкөдө мамлекеттик ММКлар корпорацияга биригиши мүмкүн

Өлкөдө мамлекеттик ММКлар корпорацияга биригиши мүмкүн

Өкмөт мамлекеттик ММКларды бириктирип, корпорация түзүү маселесин кароодо. Максат – бюджет...

КООМ 2019-11-15  13:31

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн ММК жетекчилери менен...

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн ММК жетекчилери менен...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2-ноябрда, Кыргыз Республикасынын массалык...

КООМ 2019-11-04  12:21

Ички иштер органдарынын бир катар кызматкерлери мамлекеттик...

Ички иштер органдарынын бир катар кызматкерлери мамлекеттик...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 1-ноябрда, кыргыз милициясынын 95 жылдыгына...

КООМ 2019-11-02  02:51

Жалал-Абадда ОИИБде «Офицердин жубайы» медалы тапшырылды(ФОТО)

Жалал-Абадда ОИИБде «Офицердин жубайы» медалы тапшырылды(ФОТО)

Кыргыз милициясынын 95 жылдык мааракесине карата, бүгүн 28 октябрда Жалал-Абад ОИИБде сыйлыктар...

КООМ 2019-10-28  15:17

Жалал-Абаддагы заводдун 100дөй жумушчуcу жөө жүрүшкө чыкты

Жалал-Абаддагы заводдун 100дөй жумушчуcу жөө жүрүшкө чыкты

«Жалал-Абад Темир бетон» заводунун кызматкерлери жөө жүрүшкө чыгышты. Алар «Ишкерлерге бут тосуу...

КООМ 2019-10-18  12:43

Бишкектин коомдук транспортторунда электрондук билет системасы...

Бишкектин коомдук транспортторунда электрондук билет системасы...

Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспортторунда электрондук билет системасы 2020-жылдын январь...

КООМ 2019-10-14  21:02