KELECHEK

Токаев: Турак-жай боюнча ашкере талаптар коюлуда

Токаев: Турак-жай боюнча ашкере талаптар коюлуда

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өкмөттүн 15-июлдагы жыйынында өлкөдөгү турак-жай маселесин акыркы кездери күчөп кеткен «социалдык курч маселе» деп атады.

Токаев өкмөт бул маселени «дайыма өз көзөмөлүнөн чыгарбашы керектигин» билдирип, министрлер кабинетинен бул боюнча сунуштарды берүүнү өтүндү.

«Биз белгилүү бир адамдардын турак-жай боюнча ашкере талаптары бар деп айта алабыз. Бирок мындан маселе чечилип калбайт. Мунун баары өкмөттүн аракетине жараша болот», — деди Токаев.

Казакстанда быйыл февралдан бери көп балалуу энелер социалдык абалдарын жакшыртуу жана турак-жай маселелерин чечип берүү талаптары менен нааразылык акцияларын өткөрүп келишет.

Өткөн жумада өлкөнүн маалымат жана коомдук өнүгүү министри Даурен Абаев «айрым адамдар мамлекеттин жарандардын алдындагы социалдык жоопкерчилигин туура эмес түшүнө турганын» билдирген.

«Аянтка чыккандардын баарына эле батир таратуу туура эмес. Мамлекет көп балалуу энелерге жардам берүүдөн баш тарткан жок, бирок бардык нерсенин акылга сыярлык чеги болушу керек», — деген министр.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бүгүн Майлуу-Суу шаарында жаратылыш газы өчүрүлөт

Бүгүн Майлуу-Суу шаарында жаратылыш газы өчүрүлөт

Оңдоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун...

КООМ 2019-08-16  02:31

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова үй камагына чыкты. Бул тууралуу...

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова үй камагына чыкты. Бул тууралуу...

Мурдагы башкы прокурор Аида Салянова үй камагына чыкты. Бул тууралуу анын жакындары...

КООМ 2019-08-16  02:45

Жалал-Абадда ӨКМ кызматкерлери үйлүү болушту

Жалал-Абадда ӨКМ кызматкерлери үйлүү болушту

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл округунун Мундуз айылындагы КР ӨКМнин...

КООМ 2019-08-15  12:25

Шашылыш билдирүү: Абанын температурасы кескин төмөндөйт

Шашылыш билдирүү: Абанын температурасы кескин төмөндөйт

Узакка созулган кургак жана ысык аба ырайынан кийин Кыргызстандын аймагында аба ырайынын кескин...

КООМ 2019-08-15  12:33

ӨКМ кызматкерлери Дача-СУдагы кырсыкта уюк телефондорду алган деп...

ӨКМ кызматкерлери Дача-СУдагы кырсыкта уюк телефондорду алган деп...

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Дача-СУ конушуна кулаган учактан уюк телефондорду алып алышкан деп...

КООМ 2019-08-08  01:16

Атамбаев: Курал менде гана бар, үчүнчү кабаттан өзүм туруштук берип...

Атамбаев: Курал менде гана бар, үчүнчү кабаттан өзүм туруштук берип...

Алмазбек Атамбаев. Архивдик сүрөт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө...

КООМ 2019-08-08  13:19

Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн короосунун бир чети өрттөнүүдө

Алмазбек Атамбаевдин үйүнүн короосунун бир чети өрттөнүүдө

Атамбаевдин Кой-Таш айылындагы үйү.

Өрт эмне себептен келип чыкканы белгисиз. Ал жерде жүргөн...

КООМ 2019-08-07  22:37