KELECHEK

Казакстанда полиция камактагы диссидент Арон Атабектин кызын бошотту

Казакстанда полиция камактагы диссидент Арон Атабектин кызын бошотту

Алматы шаарынын Медеу райондук полициясы камактагы акын жана диссидент Арон Едигеевдин кызы Айдана Айдарханды бошотту. Ал 14-июлда Алматыдагы Абайдын эстелигинин жанында адабий акция өткөрүп жаткан маалда кармалган.

Айдана Айдархандын кабарлашынча, полиция андан өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдор-колдобосун сураган. Ал бул уюмга тиешеси жок экенин айткан. Полиция кызга иш козгогон эмес, жөн гана митинг өткөрүү тууралуу мыйзамды бузбоо керектигин эскерткен.

- Полиция кызматкери мени үйгө алып барып таштамак болду, мен каршы чыктым. Ал мени алып кеткендиктен, жеткизип коюуга да милдеттүү экенин айтты. Биз болжол менен он мүнөттөй тартыштык. Анан жөнөкөй кийимчен бир киши келип, кете берсем боло турганын айтты, - деди Айдана Айдархан.

Айдана 66 жаштагы атасын колдоо максатында акция өткөрүп, аны камактан бошотууну талап кылган.

60 жаштагы акын 2007-жылы 18 жылга эркинен ажыратылган. Ал полиция офицеринин өлүмүнө алып келген нааразылык акциясын уюштурган деп айыпталган болчу. Атабек өзү күнөөсүн моюнга албай келатат.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Жалал-Абад ОИИБде кызматта жана спортто ийгиликке жеткендерге...

Жалал-Абад ОИИБде кызматта жана спортто ийгиликке жеткендерге...

Бүгүн 18-ноябрда Жалал-Абад ОИИБнин имаратында кызматтык милдетине карата жоопкерчиликтүү мамиле...

УКУК 2019-11-18  16:44

Нур-Султанда түрттүрүлө турган дачалар үчүн компенсацияны көбөйтүүнү...

Нур-Султанда түрттүрүлө турган дачалар үчүн компенсацияны көбөйтүүнү...

Нур-Султан шаарында ондогон жашоочулар акимчиликтин имаратына келип, мамлекет түрттүрө турган...

УКУК 2019-11-15  15:10

Финпол: Айеркен Саймаитиге сентябрда издөө жарыяланган

Финпол: Айеркен Саймаитиге сентябрда издөө жарыяланган

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча...

УКУК 2019-11-13  15:54

Жалал-Абад ОИИБде ЖККУнун төш белгиси тапшырылды

Жалал-Абад ОИИБде ЖККУнун төш белгиси тапшырылды

Бүгүн 4-ноябрда, Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) тарабынан өткөрүлгөн “Нерушимое братство...

УКУК 2019-11-04  12:47

Сот Икрамжан Илмияновду жети жылга кести

Сот Икрамжан Илмияновду жети жылга кести

Икрамжан Илмиянов.

Бишкектин Октябрь райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин...

УКУК 2019-10-31  12:57

Исаков сотко келүүдөн баш тартса, күч менен алып келинет

Исаков сотко келүүдөн баш тартса, күч менен алып келинет

УКМКнын Тергөө абагындагы камактагы мурдагы...

УКУК 2019-10-28  14:27

Казакстанда 30дай киши кармалды

Казакстанда 30дай киши кармалды

Казакстандын борбору Нур-Султанда уруксат берилбеген митингге катышуу айыбы менен 26 киши кармалды....

УКУК 2019-10-28  14:37