KELECHEK
rek

Миллиардер Питер Тиль: АКШнын атайын кызматтары Google компаниясын текшериши керек

Миллиардер Питер Тиль: АКШнын атайын кызматтары Google компаниясын текшериши керек

Белгилүү америкалык ишкер жана финансист, мультимиллиардер Питер Тиль ФБР жана ЦРУга кайрылып, Google компаниясын текшерүүнү талап кылды. Ал издөө системасын кытай тыңчылары аралап кеткен болушу ыктымал деп эсептейт.

Тиль жекшембиде Вашингтондогу консерваторлор конференциясында сөз сүйлөдү. Ал – “Фейсбуктун” директорлор кеңешинин мүчөсү жана PayPal онлайн төлөм системасынын негиздөөчүлөрүнүн бири.

“Атайын кызматтардын өкүлдөрү Google компаниясына үч суроо берсе болот. Биринчи: компаниянын жасалма интеллект менен алектенген Нью-Йорктогу филиалдарында канча чет элдик тыңчы иштейт? Маанилүүлүгү боюнча бул долбоор 40-жылдары атом бомбасын түзүү үчүн түзүлгөн Манхэттен долбооруна барабар. Экинчи суроо: Google топ-менежменти баштан-аяк кытай агенттери менен курчалганбы? Үчүнчүсү: ушул себептерге байланыштуу Google кытай аскерлери менен саткынчылык келишимине кол коюп, америкалык армия менен кызматташуудан баш тарттыбы?”, – деди Тиль.

Google Питер Тилдин айткандарына комментарий берүүгө ашыга элек.

Былтыр чет элдик басылмалар көп жылдар мурун кытай рыногунан кеткен Google компаниясы издөө кызматынын модификацияланган версиясын жашыруун түрдө иштеп чыгып, ири рынокко кайра кайтууга ниеттенип жатканын жазышкан. Dragonfly (“Ийнелик“) деп аталган бул долбоор дүйнөлүк коомчулук арасында жана компаниянын өзүндө кескин сынга алынып, декабрда жабылганы кабарланган.

Буга чейин Google учкучсуз учактар тарабынан алынган маалыматтарды анализдөөгө багытталган жасалма интеллект программаларын иштеп чыгуу боюнча Пентагон менен болгон келишимин узартпай койгон.

Кытай менен АКШ акыркы мезгилде Huawei корпорациясынын иши боюнча талашып-тартышып келет. Кошмо Штаттар америкалык компанияларга Huawei менен иштөөгө тыюу салган. Вашингтон бул чечимин маалымат коопсуздугун сактоо менен түшүндүргөн.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ Coursera платформасына Крымга кайтууга уруксат берди

АКШ өкмөтү санкцияларга карабастан...

Германия

Германия "G7 плюс Орусия" форматы аягына чыккандыгын билдирди

Расмий Берлиндин пикиринде,  азырынча Орусиянын алдыңкы индустриялуу өлкөлөрдүн чөйрөсүнө...

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Генерал Бридлав Орусияга көбүрөөк көңүл бурууга чакырды

Ал америкалык "Уолл-стрит жорнал" гезитине берген маегинде Орусия туудурган коркунучтарга...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Европада качкындарды кабыл алуудан баш тарткан өлкөлөргө санкция...

Financial Times гезити кабарлагандай, Еврокомиссия  ЕБга кирген кайсы бир өлкө качкындарды кабыл алуудан...

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Обама: атайын операциялар-терроризмге каршы күрөштө башкы курал

Атайын бөлүктөрдүн чалгындоо маалыматтарын камтыган операциялары америкалык президенттер үчүн...

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Өзбекстанда Казакстандагы митингдерди чагылдырууга тыюу салынды

Asiaterra интернет-басылмасы билдиргендей, Би-Би-Си орус кызматынын сайтындагы «Редактордун...

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic Кыргызстанда фототур уюштурат

National Geographic журналы Кыргызстанда фототур уюштурат. Бул тууралуу аталган журналдын (nat-geo.ru) расмий...