KELECHEK

Ворухта Кыргызстан менен Тажикстан президенттеринин жолугушуусу күтүлүүдө

Ворухта Кыргызстан менен Тажикстан президенттеринин жолугушуусу күтүлүүдө

Тажикстан президенти Эмомали Рахмон иш сапарынын алкагында чек ара чыр чатактары көп катталган Исфара районунун Ворух аймагына барат. Акыркы жолу тажик лидери бул жерде 1993-жылы болгон.

Эмомали Рахмон Исфарадагы иш сапары 20-25-июлга белгиленген. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлагандай, ал жерде Рахмон Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен жолугат.

Ворух айылдык кеңешинин төрайымы Мехринисо Рахматованын айтымында, жергиликтүү жашоочулар Тажикстан башчысын тосуу үчүн кызуу даярдык көрүшүүдө. “Биз үйлөрдүн тышын сырдап, жолдорду асфальттап жатабыз. Жашоочулар президенттин келишин чыдамсыздык менен күтүшүүдө. Баардык маселелер оң жагына чечилет деп үмүттөнөбүз”,– деди ал.

Ворух айылдык кеңешинин жашоочулары Эмомали Рахмондун келиши менен жер, суу талаш, чек араны мыйзамсыз кесип өтүү жана улут аралык келишпестиктер сыяктуу жаңжалдарга чекит коюлат деп ниеттенишүүдө.

Тажик-кыргыз чек арасынын узундузу 976 чакырымды түзөт, учурда алардын ичинен 504ү гана делимитация жана демаркацияланган. Чек ара сызыгы такталбагандыктан, маал-маалы менен жер, суу, чек араны кесип өтүү боюнча чыр-чатактар чыгып турат. Куралдуу кагылыштар болгон учурлар да бар.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Бишкекте «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» донордук...

Бишкекте «Туруктуу өнүгүү үчүн реформаларды тездетүү» донордук...

«Бүгүнкү ишибиздин максаты — өнүгүүнү камсыз кылуучу реформаларды тездетүү, инвестицияларды...

CАЯСАТ 2019-11-19  17:10

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстандын шайлоо системасын...

Президент Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстандын шайлоо системасын...

Бүгүн, 14-ноябрда, Бишкекте Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча...

CАЯСАТ 2019-11-14  14:30

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгы белгиленди

Кыргыз милициясынын 95 жылдыгы белгиленди

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 1-ноябрда, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз...

CАЯСАТ 2019-11-02  02:29

Президент Сооронбай Жээнбеков Кувейт Эмиринин кеңешчиси Абдулла Аль...

Президент Сооронбай Жээнбеков Кувейт Эмиринин кеңешчиси Абдулла Аль...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-октябрда, Кувейт Мамлекетинин...

CАЯСАТ 2019-10-24  16:42

Президент Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев...

Президент Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 14-октябрда, Баку шаарында (Азербайжан) Түрк...

CАЯСАТ 2019-10-15  01:06

Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин...

Президент Сооронбай Жээнбеков Түрк тилдүү мамлекеттердин...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, эки күндүк иш сапары...

CАЯСАТ 2019-10-14  21:21

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Биринчи Президенти...

Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстандын Биринчи Президенти...

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-октябрда, Баку шаарында (Азербайжан)...

CАЯСАТ 2019-10-14  21:59