KELECHEK

Bloomberg: АКШ С-400 комплекстерин сатып алгандыгы үчүн Түркияга санкция киргизет

Bloomberg: АКШ С-400 комплекстерин сатып алгандыгы үчүн Түркияга санкция киргизет

Орусиянын С-400 зениттик-ракеталык системасын сатып алгандыгы үчүн АКШ жакынкы күндөрү Түркияга каршы санкция киргизет. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги өз булактарына шилтеме кылып жазды.

Басылманын маалыматына караганда, президент Дональд Трамптын кеңешчилер тобу санкциялардын үч топтомун даярдаган. Учурда АКШ президенти алардын бирин бекиткени турат. Азырынча каралган санкцияларда кандай чаралар бар экендиги жарыялана элек.

АКШнын НАТО боюнча өнөктөшү болгон Түркия 12-июлдан тарта Орусиянын С-400 ракеталык системасын ала баштаганын кабарлаган. Вашингтон орусиялык курал-жарак Пентагондун айрым долбоорлору үчүн тобокелдиктерди жаратарын билдирүүдө.

Түркия 2,5 миллиард долларга С-400 комплекстерин сатып алуу тууралуу Орусия менен 2017-жылы келишим түзгөн. Буга байланыштуу Вашингтон Анкарага бешинчи муундагы F-35 аскердик учактарын сатуудан баш тарткан.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

Орусия сирия-түрк чек арасына аскердик техникаларын жайгаштырды

Орусия сирия-түрк чек арасына аскердик техникаларын жайгаштырды

Орусия Коргоо министрлиги Сириянын Эль-Камышлы шаарындагы аэропортко аскердик Ми-35М жана...

ДҮЙНӨ 2019-11-15  13:34

Назарбаев: Зеленский Путин менен Казакстанда жолугууга макул болду

Назарбаев: Зеленский Путин менен Казакстанда жолугууга макул болду

Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев орус жана украин лидерлеринин жолугушуусун...

ДҮЙНӨ 2019-11-14  14:36

Мамдепартамент Тажикстанга барууда сак болууга чакырды

Мамдепартамент Тажикстанга барууда сак болууга чакырды

АКШнын Мамлекеттик департаменти Тажикстанды туристтер үчүн кооптуу болгон мамлекеттердин тизмесине...

ДҮЙНӨ 2019-11-14  15:48

Трамп Зеленский менен телефондук сүйлөшүүсүн ачыкка чыгарган адамдын...

Трамп Зеленский менен телефондук сүйлөшүүсүн ачыкка чыгарган адамдын...

АКШнын президенти Дональд Трамп украин лидери Владимир Зеленский менен телефондук...

ДҮЙНӨ 2019-11-04  12:50

Трамп “Ислам мамлекети” тобунун лидери Багдади өлтүрүлгөнүн...

Трамп “Ислам мамлекети” тобунун лидери Багдади өлтүрүлгөнүн...

Абу Бакр аль-Багдади

АКШнын президенти Дональд Трамп “Ислам мамлекети” террорчул тобунун...

ДҮЙНӨ 2019-10-28  14:30

Душанбе ирандык оппозиционерлерди кабыл алды

Душанбе ирандык оппозиционерлерди кабыл алды

Тегеранды тажик оппозициячыларын колдоого айыптаган расмий Душанбе...

ДҮЙНӨ 2019-10-28  14:53

Пентагон Сириядагы мунай кендерин коргоо үчүн кошумча күч жөнөтүүнү...

Пентагон Сириядагы мунай кендерин коргоо үчүн кошумча күч жөнөтүүнү...

24-октябрда Пентагон мунай кендерин жоочулардан коргоо максатында Сириянын...

ДҮЙНӨ 2019-10-26  14:19