KELECHEK

Кыргызстанда адал эт паркын куруунун ТЭОсу иштелип чыгат

Кыргызстанда адал эт паркын куруунун ТЭОсу иштелип чыгат

Кыргызстан эттин адал паркын курууну көздөөдө. Экономика министрлиги анын техникалык экономикалык аныктамасын (ТЭО) Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүү боюнча ислам корпорациясынын грантынын эсебинен жасоону көздөп жатат

Буга байланыштуу макулдашуу ушул жылдын апрель айында жетишилген. Аталган министрлик аны ратификациядан өткөрүү үчүн Жогорку Кеңешке жөнөттү. Документте донор уюмдар техникалык жардам үчүн 380 миң доллар бөлөрү көрсөтүлгөн.

Адал-парк куруунун ТЭОсуна малды багуудан баштап даяр өнүмдү таңгактоого чейин - уюштуруу иштери кириши керек.

Министрликтин маалыматына караганда, Кыргызстанда этти кайра иштетүү боюнча 296 субъект катталган. Алардын 90% кичи-ишканалар. Мындан сырткары санитардык нормаларга жооп бербеген мал союп саткан чакан цехтер иш алып барат.

Буга чейин Экономика министрлигинде адал индустриясын жөндөө бөлүмү ишке кирген.

"Халал" деген белгиде өндүрүлгөн адал азык-түлүктөргө коомчулукта ар кыл көз караштар бар. Акыркы учурларда ушундай белгиси бар мейманканалар жана таксилер да пайда болду.

Null

Досторуң менен бөлүш


Коментарии FACEBOOK:

Тектеш жаңылыктар

2020-жылдан тарта тыштан ташылган автоунаалардын бажы төлөмү көбөйөт

2020-жылдан тарта тыштан ташылган автоунаалардын бажы төлөмү көбөйөт

Мамлекеттик бажы кызматы тараткан маалыматка караганда, 2019-жылдын 31-декабрында транспорт...

ЭКОНОМИКА 2019-10-09  21:11

Орусиядан КМШга алты ай ичинде 6 млрд. долларга жакын акча которулду

Орусиядан КМШга алты ай ичинде 6 млрд. долларга жакын акча которулду

Орусиянын Борбордук банкы быйыл алты ай ичинде Орусиядан КМШ мамлекеттерине 5 миллиард 720 миллион...

ЭКОНОМИКА 2019-10-02  19:42

Президент Сооронбай Жээнбеков: ЕАЭБ рыногунда тоскоолдуктарды жоюу...

Президент Сооронбай Жээнбеков: ЕАЭБ рыногунда тоскоолдуктарды жоюу...

«ЕАЭБ рыногунда тоскоолдуктарды жоюу боюнча биздин Өкмөттөр тиешелүү чараларды көрүшү...

ЭКОНОМИКА 2019-10-01  22:18

Президент Сооронбай Жээнбеков: Калкты таза суу менен камсыз кылуу —...

Президент Сооронбай Жээнбеков: Калкты таза суу менен камсыз кылуу —...

«Калкты таза суу менен камсыз кылуу — менин президенттик ишмердүүлүгүмдүн артыкчылыктуу...

ЭКОНОМИКА 2019-09-26  16:50

Бажы кызматы өткөрмө бекеттерге видеокөзөмөл камераларын орнотууда

Бажы кызматы өткөрмө бекеттерге видеокөзөмөл камераларын орнотууда

Мамлекеттик бажы кызматы кызматкерлердин ишине мониторинг кылуу...

ЭКОНОМИКА 2019-09-24  17:07